Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ыргал Кадыралиева: “Шаардык кеңештин шайлоосуна элибиз кайдыгер мамиле жасоодо”

Ыргал Кадыралиева: “Шаардык кеңештин шайлоосуна элибиз кайдыгер мамиле жасоодо”

12-июль, 20:44
1 819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда шаардык кеңешке шайлоо процесстери жүрүп жатат. Элдин маанайы, шайлоого болгон ишеними кандай?

-- Азыр шайлоого көпчүлүк элде ишенич жок экенин байкап атам. Себеби, Бишкек шаардык кеңешинде буга чейин 10-15 жылдап иштеген, бирок эч нерсе кылбаган адамдардар деле бүгүн кайрадан талапкер болуп келип атышыптыр. Аларды көргөн эл жолугууга чыкпай, программаларды сурабай, кайдыгер эле болуп жатышат. Өткөнкү шайлоодо таза иштеп, добуш сатып алуу менен алектенбеген партиялардын дагы эмгеги күйүп кетти. Мындан улам, шайлоого болгон ишеним бир эле шайлоочулардын арасында эмес, талапкерлердин ичинде да жоголуп калыптыр. 

-- Учурда шайлоо өнөктүгү кандай жүрүп атат? Мурункудай мыйзам бузууларга жол берилген жокпу?

-- Буга чейин добуш сатып алууга, административдик басымдарды жасоого күмөндүү партиялардын арасында азыр деле ошондой абал кайталанып атат. Бул маалыматтар укук коргоо органдарына түшкөндүгү тууралуу уктум. Эми буларга сөзсүз түрдө чара көрүлөт го.

-- Шайлоочулардын саны аз болору дагы айтылууда. Сиздин көз карашта шайлоого катышуучулар жетишерлик деңгээлде болобу?

-- Менин билишимче, шаардык кеңеште шайлоочулардын сандык пайызы ченелген эмес. Партиялардын барьери гана аныкталган. Ошон үчүн ал барьерди өткөн партиялар келиш керек. Шайлоо өтүшү өтө маанилүү. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер