Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Лайли Үкүбаева: “Жылдыз Бакашова мага атаандаш боло албайт, ал татыксыз кадр”

Лайли Үкүбаева: “Жылдыз Бакашова мага атаандаш боло албайт, ал татыксыз кадр”

30-июль, 19:53
4 104 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Август айынын башында Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттик наамга шайлоо жүргөнү турат. Филология илимдеринин доктору, профессор, “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында мүнөз түзүү өзгөчөлүгү” деген темада кандидаттык, ошондой эле “Чыңгыз Айтматовдун поэтикасы жана кыргыз элдик фольклору” деген темада докторлук диссертацияларын коргогон; эл аралык коомдук Айтматов академиясынын академиги; эл аралык Айтматов клубунун адабият, көркөм өнөр жана маданият жаатындагы эл аралык сыйлыгынын ээси; жүздөп саналган илим изилдөөчүлүк, илимий методикалык, адабий сындагы жарыяланган эмгектердин автору Лайли Үкүбаева эжени кепке тарттык.

-- Лайли эже, биздин угушубузга караганда, жакында КРУИда мүчө-корреспонденттикке шайлоо өткөнү жатыптыр. Сиз жана башка талапкерлер арасында катуу күрөш жүрчүдөй. Ушундан улам, оппоненттериңиз кимдер, алар талапкерликке татыктууларбы, ушул жөнүндө сөздү улайлы?

-- Менин оппонентим азыркы учурда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп иштеп аткан Жылдыз Бакашова деген айым. Жылдыз менин студентим. Бир убакта чоң жардамымды, жакшылыгымды көргөн. Кийин илимдин кандидаты, доктору болду. Бирок, окумуштуу боло алган жок. Ал эми кандайча илимдин кандидаты, доктору болгону тууралуу коомчулукта ар кандай терс маанидеги пикирлер бар экенин айтуу менин мүнөзүмө жатпайт. Ал менин баардык критерийлерим боюнча атаандаш боло албайт, татыксыз кадр.

-- Сизге оппонент айым биз билгенден китепканачы болуп жүргөнсүдү эле... 

-- Жылдыз Бакашова Улуттук илимдер академиясы кулактандыруу бергенге чейин, башкача айтканда, ушул жылдын 12-апрелине чейин профессорлук наамы да жок болуптур. Профессорлук наамды 29-апрелде ала коюп, корреспондент-мүчөлүккө тапшырган экен. Азыркы учурда мага оппонент болуп турган кези. 

-- Шайлоо өзүнүн шайтан оюндарын бу жерге көрсөтпөйбү? Татыктуулар шайланабы?

-- Шайлоо боюнча азыр эч нерсе, “ак” же “көк” деп айта албайм. Академиктердин, мүчө-корреспонденттердин чынчылдыгына, адилеттүүлүгүнө, калыстыгына, шайлоо тийешелүү деңгээлде өтөрүнө ишеним артып турам.  



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер