Султанбай Айжигитов: “Кийинки муунга жалаң карыз менен бүлүнгөн экология калышы керекпи?”

-- Султанбай Абдрашитович, “алтынды чет өлкөлүктөр менен чогуу казган учурда Кыргызстандын үлүшү 30 пайыздан кем болбосун” деген сунушка кандай карайсыз?
-- Биздин үлүш жетимиш пайыздан кем болбошу керек. “Инвестор келбей коёт” дешет. Эгер сен инвестор тапканга башың жетпей жаткан болсо, ал ишти кийинки муунга калтыр. Алтын – биздин резерв. Кийинки муунга да калышы керек. Же бүт баарын бүгүн түгөтүп салышыбыз кажетпи? Учурда инвесторлор алтын боюнча 9-10 пайызга да макул болот. Булар болсо 70 пайызга чейин беришмекчи. Бул күпкүндүз талап-тоноо дегендик да. Эгер ошончолук эле инвесторлорду кызыктыргың келсе, башка жагынан жеңилдик бер. Жакынкы 20-30 жылда алтын эң актуалдуу болот. Себеби, глобалдык система кыйрап жатат. Демек, анын фонунда алтындын баасы өсөт. Ошон үчүн мен жогоруда айткандай, инвесторлор 10 пайызга да макул болот.
-- Бирок өкүнүчтүү жери, биздин Кумтөр, Жерүй, Макмал сыяктуу чоң кендерибиз дээрлик казылып бүтүп, майда, кичи кендерибиз эле калды...
-- Эмне, 20 тонна запасы бар кен майдабы? 10 тонна майдабы? Биздин эң чакан деген кендерибиздин деле запасы 10 тоннадан жогору болуп атпайбы. Аны эмнеге талкалаганга шашабыз? Кийинки муунга жалаң карыз менен эле бүлүнгөн экология калышы керекпи?
-- “Дастан” заводун санариптештирүү министрлигине берилишин кесиптештериңиздин көбү туура эмес көрүп жатышат. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- “Дастан” заводу, “Кыргызтелеком” ААКы – бул стратегиялык ишканалар. Аларды эмне үчүн Ширшов менен табакташ болуп жүргөндөргө бериш керек? Мамлекеттин эле колунда турса болбойбу? Бул эмне деген саясат? Дегеле бизде кызык, таңкалычтуу эле нерселер болуп жатат...
"Азия Ньюс" гезити