Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жолдошум 16 жаш улуу бай аял менен жашап алып, кайгыга батырды

Жолдошум 16 жаш улуу бай аял менен жашап алып, кайгыга батырды

27-ноябрь, 17:00
2 751 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Москва шаарында күйөөмдүн өзүнүн чакан бизнеси бар, ошон үчүн тоюбузду өткөргөндөн кийин ал ошол жакка кете берди. Мен болсо көп убакыттан кийин артынан бардым. Мурунку мүнөздөгү жолдошум жок, өзгөрүп калыптыр. Көрсө, өзүнөн 16 жаш улуу аялга нике окутуп, жашап жүрүшүптүр. Угуп алып, өзүмдү эч кимге керексиздей сезип, бир топко чейин кыйналдым. Арга жок. “Кимден кеңеш сурасам?” деп башым катып, же жолдошума үн көтөрүп сүйлөй албай, тилимди тишиме каттым. Ошентип, Москвада көпкө калбай, үч айдан соң сумкамды көтөрүп, Кыргызстанга баса бердим, жанымды коёрго жер таппай. Азыр кайната-кайненеме келип, кызмат кылып жатам. Беш айдан өтүп калды, кош бойлуу да экенмин. Бул кабар бирде кубантса, кайра кайгыга батырат. “Төрөсөм баламдын атасы келеби, же кандай болот?” деп да өзүмдү жейм. “Сүйөм, күйөм” деген Азамат жылуу сөз эмес, бир ирет чалып кабар алганга жараган жок. Анын үйлөнүп алганын өз атам, апамдар билишпейт. Аларга айтпаганым туура го. “Өзүнө келип, кайра кайтып келер” деген үмүт менен жашап жатам. Бирок Азаматтын ата-энеси билишет. Алар: “Ойлонбо кызым, сөзсүз келет. Азыр жаштык кылышууда, сен азыр курсактагы балаңды ойло” деп мени сооротуп жатышат. Айлам кетти, менде деги кандай жол бар? Чынында Азаматты жакшы көрөм, кантсе да курсактагы баламдын атасы да. Мага кайтып келеби, же кандай? Төркүнүмө айтсамбы?.. Эмне кылсам, кеңеш бериңиздерчи?


Айсулуу  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер