Адамдар бири-бирине нааразы болуп урушканда, алардын жүрөктөрү муздай баштайт
Бир күнү мугалим окуучуларынан сураган экен:
-- Эмне үчүн адамдар урушканда кыйкырышат?
-- Анткени, өздөрүнө өздөрү ээ болбой калышат, - деди бирөө.
-- Ошондо да кыйкырып эмне керек, ал киши жаныңда турган жокпу? - деп сурады мугалим. -- Аны менен акырын сүйлөшүүгө болбойбу?
Окуучулар биринен сала бири өздөрүнүн жообун айтып жатышты, бирок бири да канааттандырарлык жооп бере алган жок. Акыры мугалим мындайча түшүндүрдү:
-- Адамдар бири-бирине нааразы болуп урушканда, алардын жүрөктөрү муздап, алыстай баштайт. Ошол себептүү алыскы аралыкты камтып, бирин-бири угуу үчүн кыйкырышат. Канчалык ачууланган сайын аралыктары ошончолук алыстай берет да, кыйкырыктар күчөй берет.
-- Ал эми адамдар бирин-бири сүйүшкөндө эмне болот? Алар тескерисинче, акырын сүйлөп калышат. Эмнеге? Анткени, жүрөктөрү жакындап, алардын ортосундагы аралыктар азаят. -- Ал эми катуу сүйүшүп калган кездечи? - деп сөзүн улантты мугалим.
Алар сүйлөбөй эле бири-бирине шыбырап калышат. Ошентип акыр-аягы шыбырдын да кереги жок болот. Алар сөзү жок эле бирин-бири карап, көздөрү менен сүйлөшүп калышат. Мындай көрүнүш эки сүйүшкөн адамдын ортосунда болот.
Ошондуктан, жүрөктү суутуп, алыс кыла турган сөздөрдү бири-бириңе айтпай жүргүлө. Анткени бир күнү алыстыктан адашып, жүрөккө жол таппай калышың мүмкүн.
“Ааламтордон” алып, орусчадан которгон Анара Савай (Айдаркулова)
"Азия Ньюс" гезити