Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Америкада бороондон каза болгондордун саны көбөйүүдө

Америкада бороондон каза болгондордун саны көбөйүүдө

19-февраль, 14:23
1 648 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

АКШнын жети штатында катталган рекорддук суук аба ырайы жана катуу бороондун кесепетинен каза болгондордун саны 34 кишиге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Ошондой эле миллиондогон тургун электр жарыгысыз калганы айтылды.

18-февраль күнү аба ырайына байланыштуу 2,3 миңдей ички жана тышкы каттамдар токтотулду. Айрыкча Техас, Миссисипи жана Кентукки штаттарындагы аэропорттордо абал оор.

Аба ырайынын начардыгынан Техас, Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штаттарынын бир нече тургуну көз жумган. АКШнын түштүк аймагындагы рекорддук суук аба ырайы бир нече күнгө созулаары айтылууда.

Кардуу бороон Мексиканын түндүк жана борбордук бөлүгүнө да сокку урган, анын кесепетинен миллиондогон эл жашаган аймактагы электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер