Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Жаныбеков менен орун басары Шерипов дыйкандардын убалына калабы?

Министр Жаныбеков менен орун басары Шерипов дыйкандардын убалына калабы?

28-февраль, 09:00
526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков №309 токтом менен 276 миң гектар жерди өз жоопкерчилигине алып жатат. Дыйкандар “бул жер боюнча жаңы коррупциялык схема” деп айтып чыгышты. “Бул жерлерди кимге бересиңер? Өлкөдө канча үрөнчүлүк чарба бар?” деген суроолор парламенттен орун басары Нурлан Шериповго берилсе, жооп бере албай ыйынып, депутаттардын алдында кызарып-татарып отуруп берди. Канча үрөнчүлүк чарба реалдуу иш жүргүзүп жатканын, канчасы кагаз бетинде экенин бул мугалим билбейт экен. Өлкөдө 276 миң гектар жер фермерлерге арендага берилип жатыптыр. Ал фермерлер өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын 88,8 пайызын өндүрөт экен. Аскарбек Жаныбеков суранып жаткан жогорку түшүмдү камсыз кыла турган үрөн чарбаларына 44 миң гектар жер аянты керектелет экен. Калган 232 миң жер аянтын А.Жаныбеков сатканга алып жатабы (?) деген күмөндүү суроолор пайда болууда. Деги бул тотукуштай сайраган министр эмненин үстүнөн чыгар экен, күтүп туралы. Иши кылып, каргыш сөзгө калбаса эле болгону... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер