Аликбек Жекшенкулов эң алдыңкы элчи катары бааланууда
Россия Федерациясындагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов дасыккан жетекчи катары купулга толууда. Жогорку ишенимге татып, элибизге кам көрүү аракеттери ачык көрүнүүдө. Жакында тележурналист Андрей Малахов чырлуу окуянын чоо-жайында айтып атат: “Кыргыз элчиси мигранттардын укуктарына ашкере кийлигишүүдө” деген мааниде. Мунун өзү эмнени билдирет? Албетте, Жекшенкулов мекендештерибиздин укуктарына, алардын келечегине кам көрүүдө. Аны Малахов сыяктуу бузукулар башкача түшүнүктө айтышууда. Ортодон Камчыбек Ташиев да алабармандыгына салып, башында элчибизге түшүнбөй “таш ыргытып”, аягында уят болуп калды окшойт. Ток этери, Малаховдун кечирим сурашы элчибиздин эмгеги болгонун баса белгилейли. Иш жүзүндө Жекшенкулов Россиядагы ири шаарларды, облустарды кыдырып, ал жактагы эмгек мигранттарыбыздын абалы менен таанышып, укуктук жардам көрсөтүүгө, жакшы шарттарды түзүүгө белсенип келет. Себеби, ошол мекендештерибиз жылыга Кыргызстанга эки миллиард доллар которушат. Андыктан, аларга дух берүү зарыл экенин элчибиз эң сонун түшүнүүдө. Бекеринен миңдеген мигранттар, алардын туугандары Аликбек Жекшенкуловду алкап жатышпаса керек.