Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Байрам ЖАПАРОВ: “Урматтуу Сооронбай Шарипович, КПФдагы коррупцияны көзөмөлүңүзгө аласызбы?”

Байрам ЖАПАРОВ: “Урматтуу Сооронбай Шарипович, КПФдагы коррупцияны көзөмөлүңүзгө аласызбы?”

13-декабрь, 23:45
880 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гезитибиздин өткөн санында “КПФ төрагасы Мирбек Асанакунов чыр-чатактан качан арылат?” аттуу чакан макала жарык көргөн. Биздин редакцияга Ысык-Көлдүн “Жыргалаң” курортунун директору Байрам Жапаров кайрылып, КПФ төрагасы Мирбек Асанакуновдун ишмердигин сынга алуу менен курорттогу көйгөйлөрүн ортого салды. 

-- Байрам мырза, биздин редакцияга кайрылганыңыздын себебин айтсаңыз?

-- Өзүм “Жыргалаң” курортунун директорумун. 20 жылдан бери эмгектенип келатам. “Жыргалаң” курорту Кыргыз профсоюздар федерациясына (КПФ) караштуу мекеме. Профсоюздардын менчиги болгону менен эски курортубузду коллективдин күчү менен эле агартып-көгөртүп, оңдоп-түзөө иштерин өз күчүбүз аркылуу кылып келатабыз. Профсоюздар федерациясынан эч кандай жардам жок. Быйыл “Фонд оздоровления трудяшихся” деген бар, ошондон эле болгону бизге 25 путевка берди. Калганынын баарын өзүбүз путевканы ордунан сатып, ошол акчадан мыйзам ченемдүү салыкка, соцфондго, айлык акыны төлөп келдик. Өкмөт алдында баардык жагынан карызыбыз жок. Чакан коллектив менен канча жылдан бери курортту иштетип келебиз.

-- Курорт кайсы багытта иш алпарат?

-- Биздин курортубуздан ысык суу чыгат. Андан тышкары баткагыбыз бар. Негизинен муун ооруларына: ревматизм, полиартрит, артрит, редукулит остеохондроз ж.б. Аялдардын тери, псориаз, аллергия ж.б. ооруларын дарылоодо абдан жардамы тийет. Сыныктан кийин калыбына келтирүү жагы дегендей бар. Өткөн кылымдын 60-жылдары салынып, бак-дарактары көп, абасы таза, ээлеген аянты жакшы болгондуктан, ага кызыккан адамдар көп. Анын ичинде биздин федерациянын жетекчиси баш болгон, анын орун басары Жээнбек Осмоналиев, Кыргыз курорттуризмдин башчысы Чынара Токобаевалар биздин курортторду банкротко алпарып, өз кишилерин коюп, акырындык менен менчиктештирүүгө жакындатып атабы (?) деп ойлойбуз. 

-- Эмнеге антип ойлоп атасыздар?

-- Ушул эле жылдын август айында мыйзамдарды бузуп, “Азаттыктын” журналисттерин жиберип, атайын негативдүү баяндама жасатып, андан кийин “жергиликтүү элден арыз түштү” демиш болуп, ревизия жиберишкен, биз ревизиянын справкасы менен макул болбой, каршылык жазып барганбыз. Аз өтпөй КПФ башчысы коллегия өткөзүп, менин больничныйда экениме карабай, (азыр да ооруп жүрөм) жумуштан алуу приказын чыгарып салган. Эртеси демалыш күнүн эске албай үч кишисин жиберип, “прием-передача кылабыз” дешет. Биздин жамаат “жетекчибиз ооруп атат, жумушка чыкканда келгиле. Приказыңар менен тааныштыргыла” деп узатышкан экен. Чынын айтсам, ал жумуштан алуу боюнча приказын азыркыга чейин көрө да элекмин. Бир күн мурун Өмүрбек Шаршеналиев деген убагында ар кандай ызы-чуу менен мурунку ээлеген кызматынан кеткен кишини жумушка коюп, азыр коллектив менен ызы-чуу кылып, мыйзамсыз жумушка келип атканы кандай? Бул жагын биз түшүнбөй атабыз. Мирбек Асанакуновдун мыйзамсыз, туура эмес жасаган иштеринен улам бухгалтерибиздин эски оорулары да козголуп атат. 

-- Бул “Жыргалаң” курортуна карата жасалган чабуулбу же башка жактарда да ушундай жагдайлар барбы?

-- Биздин эле курортто эмес, онго жакын курортто иш алдыга жылбай жатат. Мирбек Асанакунов кызматка келгени мыйзамсыз иштерди Жалал-Аабад курортунан баштаганы, Дом отдых Чолпон-Атаны белгисиз себептер менен жаап коюп, азыр бек турганы жалганбы? “Кыргызстан” санаторийдин жетекчисин мыйзамсыз кетирип, ал адам соттон утуп алып кайрадан иштеп баштаганын элдин баары билет. Инвесторлор келбейт. Анткени, КПФ жетекчиси атайын банкрот системасына ыңгайлаштырып атат окшойт. Мирбек Асанакунов өзү “жасалма документтер” менен келип, 31-октябрда экинчи жолу Бишкек шаардык соту “мыйзамсыз келген” деп чечимин чыгарган. 12-декабрда кайрадан Жогорку сотто караганы турат. Биз соттон ушу жолу так жана адилеттүү чечимди күтүп атабыз.

-- Бул боюнча сиздердин жамаат кимдерге кайрылдыңыздар?

-- Биз бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековго, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаевге кат түрүндө кайрылганбыз. Азырынча жооп келе элек. Ага чейин сиздердин гезитте “КПФ төрагасы Мирбек Асанакунов чыр-чатактан качан арылат?” аттуу чакан макала жарык көрдү. Өз убагында чыгып калды. Ошондон улам сиздерге келип, эң негизгиси, президентибиз Сооронбай Шариповичке сиздердин гезит аркылуу кайрылып, акыйкат издеп чырылдап атабыз. Урматтуу президентибиз коррупция менен катуу күрөшүп аткан учурда, КПФдагы коррупциялык иштерди өз көзөмөлүнө алуусун суранабыз.   


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

 "Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер