Дамирахан Чыныева: “Маймыл чечеги кадимки өтө кооптуу кара чечек оорусу, сактаналы!”
КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти менен маек.
-- Маймыл чечеги дүйнө жүзүнүн бир топ өлкөлөрүндө катталды. Бизден анын жүзүн ары кылсын. Бирок кандай коркунучтуулугу бар, кандай дарт экенин биле жүргөнүбүз оңдур?
-- Маймыл чечеги – бул кадимки кыргыздар айтып келген кара чечек оорусу. Өтө кооптуу дарттардын катарына кирет. Вариола деген вирус менен чакырылат. Бул дарт көбүнчө аба аркылуу жугат. Тышкы чөйрөдө аябай эле туруктуу. Бир бөлмөдөгү эле эмес, жакын жашаган башка үйдөгүлөргө да жугушу мүмкүн. 1978-жылдары “вакцинация менен бул ооруну жеңдик” деп, ал дарт үчүн эмдөөлөр жасалбай калган. Бул вирус кургакка жана төмөнүрөөк аба ырайына ыңгайлашкан. Чечекти тоңдуруп койсо бир канча жылга чейин сакталат. Ал эми 100 градус ысыкта дарт өлөт.
Чечектин билинбеген мезгили орточо эки жумага созулат. Оору катуу, капысынан башталат. Адамдын дене табы 39-40 градус жана андан да жогору көтөрүлөт, чыйрыгып, окшуйт, кусуп, деми кыстыгат, бети, көздөрү кызарып, шишимик тартып, бүткөн бою ооруйт, бүт денеге, ооздун ичине мала кызыл бүдүр чыгат. Алардын өңү кочкул кызыл тартып, домпоюп турат. 2-3 күн өткөндөн кийин анын төбөсүнө ыйлаакча пайда болот. Оорунун 7-8-күндөрүндө ал ыйлаакчаларга ириң толуп, бейтаптын жалпы абалы начарлайт, дене табы кайра көтөрүлүп, жөөлүйт.
Өтө жугуштуу убагы – алгач оору башталгандан 8-10 күнгө чейинки убакыт. Инкубациялык мезгили тогуз күндөн он төрт күнгө же 22 күнгө чейин созулат. Оорунун башталышы, кызыл исиркектер чыккан убагы, ириңдеши жана айыгып жаткан учуру болот. Эң баштапкы мезгили 2 күндөн 4 күнгө чейин созулат. Ал учурда дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, дене бою калчылдап, булчуңдары, белдери ооруйт. Төртүнчү-бешинчи күндөрү чечекке мүнөздүү бүдүрчөлөр пайда болот. Адегенде майда кызыл такчалар пайда болуп, андан чоңоюп, ичинде суюктугу бар белгилерге айланат. Көбүнчө бул бетте, алаканда жана таманда да болушу мүмкүн. Ветрянкадан айырмасы ушул. Ветрянкада алаканда, таманда болбойт. Адамдын денесинде кызыл бүртүкчөлөр көбөйгөн сайын дене табы көтөрүлүп, ууландыруу белгилери да күчөйт. Биринчи жуманын аягында же экинчи жуманын башталышында ириңдей баштайт. Дене табы ого бетер көтөрүлүп, адамдын абалы начарлап, денесиндеги бүт бүдүрчөлөр ириңдей баштайт. Айыгаарда некротикалык кабык болуп карттана баштайт. Бул убакта дене аябай кычышат. Оору башталгандан 22-күнүнөн тартып акырындап оңолуп, бүдүрчөлөр чыккан жер түлөп түшө баштайт. Ошондон кийин эле тактар пайда болот. Илгери кара чечек менен ооругандарды “чаар кишилер” деп коюшчу.
-- Бул оорунун дагы кандай кокунучтары болушу мүмкүн?
-- Аталган оору мээни да жабыркатып, жүлүндү сезгентип, нервдерге залакасын тийгизиши ыктымал. Жара болуп жаткан жерге бактериялар кошулуп эң кыйын ириңдөө кабылдоолору болушу, өпкөнүн, кулактын сезгениши, сөөктөрдүн ириңдеп кетиши, кандын бузулушу мүмкүн. Чечек жеңил, орточо жана оор түрдө өтөт. Жеңил түрү ага каршы эмделген кишилерде жолугат.
Бул дарттан кийин адамдын кулагы укпай, же көзү көрбөй да калышы ыктымал. Диагнозду өтө дыкат кароодон кийин гана коюу шарт. Антибиотиктер менен дарылоо жүргүзүлөт. Ошон үчүн бул оорудан кудай сактасын. Адамдарда байкалса, кайра эмдөөнү баштоо зарыл.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити