Мунарымдан ажырап, эркек болсом да ботодой боздоп жүрөм
Бойтоңдогон кымындайым, бойтоңдогон кичинекейим сары жалбырактарды чачкылап, жыргап ойноп жатат. Мен болсо ушул наристемдин узун өмүрүн, бактысын тилеп, ичимден боздоп турам.
Эч нерсе капарында жок. Таптаза бала дүйнө. Атасы жылаңач, аянычтуу даракка сүйөнүп, оор жоготуунун, түбөлүктүү кайгынын даамын татып, жүрөгү тилинип, бырчаланып турганын кайдан билсин...
Отуз жаштан өтүп, кеч үйлөндүм. Негедир мен издеген, мен күткөн бирөө жолукчудай издей берчүмүн. Күтө берчүмүн. Чын эле издеп жүрүп, күтүп жүрүп сүйүүмдү жолуктурдум. Мунарымды жолуктурдум. Өмүрүмдүн да, табигаттын да кеч күзүндө Мунарымды таптым. Жамгыр алдында калып, кеч күздө алыска кыйкуулап учуп бараткан каркыраларга суктанып, бакытка магдырап жүрүп баш коштук. Мунарым абдан сулуу, назик жан эле. Асыл жан эле. Мүнөзүнөнбү, кылган ишиненби, кынтык табалчу эмесмин. Апамдын жакшы көргөн келини болду. Бакытка магдырап Мунарым менен жашап жаттым. Бул бакыт түбөлүктүүдөй сезилчү.
Бирок... бирок, Мунарымдан жаштайында ажырап калдым. Кош бойлуу эле. Төрөтү абдан оор болду. Дарыгерлер жаналекетке түшүп, колунан келген аракетин жасап жатышты. Бирок, операция залынан Мунарым жок, куру кол чыгышты. Мунарымды жоготуп алдым. Энесин издеп ымыркайым төрөткананы жаңыртып ыйлап жатты...
Аруукем экөөбүз Мунарымсыз үч жылды артта калтырдык. Аруукени караган сайын Мунарымды көргөндөй боло берем. Наристемдин апакесине куюп койгондой окшоштугун кара. Кээде көзүбүзгө көрүнбөй Арууке экөөбүздү Мунар карап тургандай сезилип кетет.
Мунарымды тапкандагыдай, Мунарымды жоготкондогудай кеч күз. Жылаңачтанган дарактар. Каалгыган кара булуттар. Бут алдымда тебеленген сары жалбырактар. Жалгызсырайм...