Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туманбаев шефи Илмиянов менен байлыктарын чечише албай жатышабы?

Туманбаев шефи Илмиянов менен байлыктарын чечише албай жатышабы?

20-август, 10:25
887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пиардын үстүнөн түшпөй аткан Икрам Илмияновдун экс-шоопуру Каныбек Туманбаев маалымат каражаттарынан көрүнбөй калды. Себеби эмнеде билесиңерби? Жөнөкөй эле. Жакында Икрам Илмиянов түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошоп чыкпадыбы. Экөө байлыктары боюнча териштирип жатышы мүмкүн. Буга чейин шефи бизнестерин, миллиондорун Каныбек Туманбаевге каттырганы каңкууланып келген. Сыягы, экөө көшөгө артынан эсептешип, чечише албай аткан суроолору бар беле? Эмнеси болсо да байлыктарын ачыктап, киреше булактарын көрсөтүп коюшпайбы? А болбосо “Мыйзамсыз баюу” беренеси көтөрүлсө кантишет? Айтор, жакында көп нерсе ачыкка чыкчудай... Айтмакчы, соцтармакта Каныбек Туманбаевди өзүнүн жердеши айыбын чыгарып койсо, ага кордук көрсөтүп атканы айтылууда. Журналисттерге күч колдоно баштаганбы? Саясатка аттанган адам сын-пикирди көтөрө билип, ага карата кемчиликтерин оңдосо гана өсөт, болбосо аңга барып мурду менен тыгылат!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер