» Саясат » Кубанычбек Самаков Ленин округунан колдоо таба албай, “караларга” кайрылдыбы?
Кубанычбек Самаков Ленин округунан колдоо таба албай, “караларга” кайрылдыбы?
31-август, 21:03
697 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Оор кылмышка айыпталган Карганбек Самаковдун жүүнү бош баласы Кубанычбек добуш сатып алуунун каймана аракетине өткөнү, журналист, блогерлерди жалдаганы, шайлоочуларды чайга чакыруу менен “кымтып” берип атканы, айтор, он түркүн амалдар менен оолугуп баратат го? Күч органдары тыкыр көзөмөгө алса, колго түшөрү шексиз. Кубанычбек Самаков аз убакыт мурда эле 8 жылга кесилип кетсе, оор кылмышка айыпталса, анан мыйзамдын көзүн будамайлап, талапкер катары Жогорку Кеңешке аттанганы көп бүдөмүк ойлорду ортого салууда. Акыйкаттык үчүн өткөн чагы тергелсе, кайрадан көп кыңыр иштери чыгабы? Атасы баш болуп, жүздөгөн гектар жерлерди ар кандай алдамчылык менен алышып, соттолуп кетишкенин баары билишет го? Кылымда унутулбаган кылмыштарын кантебиз?.. А баса, Кубанычбек Самаков Ленин округунан колдоо таба албай, Жал кичирайонун караган “смотрящийге” киши салганы чынбы? Ар нерсеге шойкомдуу бул бала “караларга” саан уйдай саалса, анан добуш алууга үмүт кылып атабы? Айтор, кабыргасынан турган суроолор көп. Шайлоонун бүтүшү менен көнгөн абагына кетпейби?..