Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тынчтыкбек ШАЙНАЗАРОВ, ЖК депутаты: “Кой-Таш окуясы боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги сөзсүз каралат”

Тынчтыкбек ШАЙНАЗАРОВ, ЖК депутаты: “Кой-Таш окуясы боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги сөзсүз каралат”

12-декабрь, 22:14
508 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кортундусун депутаттар парламенттин жалпы жыйынында карашат. Буга чейин комитетте корутунду тууралуу учкай маалымат айтылып, суроо-жоопсуз жабылган. Ал боюнча нааразылыктар жаралган. Бир тобу бүгүн деле кыйраткан талкуу болорунан шек санашат. Анткени, “баары алдын ала чечилип калган” дешет. Докладчы, депутат Тынчтыкбек Шайназаров кыскача төмөнкүлөргө токтолду. 

-- Тынчтык мырза, Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйынтыгы эмне үчүн комитетте талкууланган жок?

-- Анткени, корутунду жарым сааттык, үч бөлүмдөн турат. Анда хронология баары так көрсөтүлгөн. Күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги да камтылган. Ошондуктан, кайра-кайра кайталай бербеш үчүн биротоло палатада толук кандуу талкуулоону чечтик. 

-- Укук коргоо органдарынын жетекчилерине кандай жоопкерчилик каралган?

-- Жоопкерчилик сөзсүз каралышы керек. Ал жерде адам өлдү, майып болду. Канчасы жаракат алышты, зыян тартышты. Прокуратура, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, УКМК, ИИМ жетекчилери жана башка кызматкерлердин жоопкерчилиги каралышы тууралуу камтылган. Укуктук баа берүү жагы башкы прокуратурага, ал эми кызматта иштеп жаткандары өкмөт башчыга тапшырылат.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер