Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Эсенгул: “Коомчулуктун сабырдуулугу азайып, бийликке болгон ишеним төмөндөп баратат”

Чынара Эсенгул: “Коомчулуктун сабырдуулугу азайып, бийликке болгон ишеним төмөндөп баратат”

14-октябрь, 09:00
286 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, Баткен окуясынан кийин Кыргызстанга тышкы инвесторлордун көз карашы өзгөрүлдүбү?

-- Баткен окуясына чейин эле 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин тышкы инвесторлордун көз карашы терс жагына өзгөргөн. Бу жерде тоо-кен индустриясы жапа чекти десек болот. Анын ичинде жерди казууда, минералдарды, алтынды өздөштүрүүдө тышкы инвесторлордун көз карашы кыйла өзгөрдү. Себеби, рейдердик басып алуу, “каралар дүйнөсүнүн” кийлигишүүсүнөн Кытай мамлекети да тайсалдап, “биздин кызыкчылыктар корголбой калды” деп кете баштаган. Биз жагымсыз тенденцияга жол ачып койгондой болдук. Ушуга улай эле Баткен окуялары да тышкы инвесторлордун ишмердигине тоскоолдук жаратып, жапа чегүүдөбүз. Аны биз дүйнөгө бийик трибуналардан айтканга аракет кылып атабыз. Ошол жагынан алып караганда, тышкы инвесторлор эмес, донорлор, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк банк ылдыйлатылган пайыздын негизинде көз карашын өзгөртүп, “Кыргызстанга гуманитардык жардам бериш керек экен, Баткенде каатчылык болуп атыптыр” деген позицияга ыктап атышканы байкалууда. Бирок, инвесторлор менен донорлорду салыштырбаш керек. Инвесторлорго качан саясый туруктуулук, коопсуздук болуп, алардын активдерине мыйзам иштемейинче, тилекке каршы, бизге келишпейт. Азырынча жагдай ушундай.

--  Россиялык жарандардын Кыргызстанга агылып келип атышынан улам эки өлкөнүн саясый туруктуулугу кайсы жакка өзгөрүшү ыктымал?

-- Өзүңүздөр билгендей, Россия чоң согуш алып барып атат. Жеке эле Украина эмес, Батыш менен согушуп аткандай түшүнүп атабыз. Бу жерде саясый туруктуулук жок, мобилизация иш-чарасынын айынан согушка баргысы келбеген жарандар ар кайсы мамлекеттерге качып кетишти. Бирок, жалпысы Россиянын ички саясый туруктуулугу жок экенин, тенденция күч алып атканын белгилейт. Алсак, жарандык коом күчтүү болуп, азыркы режимди жок кылат дегенден алысмын. Эгерде Россия азыркы согушта жеңилип калса, анда элитада ажырымдын натыйжасы, анын артынан экономикалык жактан да алсырап калуу сценарийи болуп кетиши мүмкүн. Бирок, ошол жарандык коом каршы чыгып, саясый туруктуулук болбой, өзгөрүүлөргө туш келет дегенден алысмын. Андай тенденцияларды биз көргөн жокпуз. А бизде болсо саясый туруктуулук деген өзүнчө эле чоң маселе. Төңкөрүш, жаңжал көп болгондуктан, саясатчылардын иштөө мөөнөтү кыскалыгы аларды да ойлонтуп атат. Коомчулук андан бетер жинденип, сабырдуулугу азайып, бийликке болгон ишеним төмөндөп бараткан өлкө болуп калдык. 

Ал эми Россия жарандарынын бизге келип атканын эки деңгээлде карашыбыз керек. Биринчиси, коомдук деңгээлде, анан мамлекеттик саясый алкакта. Коомдук деңгээлдегисин батирлерге болгон баанын көтөрүлүп атканынан көрүп атабыз. Ошол эле ижара ээлери учурдагы кырдаалга байланыштуу туруктуу кардарларын кууп чыгып, “кош келипсиңер, орус бир туугандар!” деп, акчанын артынан ошондой мамиле кылганы – Россиядан келген жарандардын күнөөсү эмес, тилекке каршы, өзүбүздү сыйлабагандыктын белгиси да. Бул көрүнүш социалдык жагдайды төмөндөттү. Ал эми саясый деңгээлдегисин алсак, Баткендеги Тажикстандын эки жолку кол салуусунун аркасында Россия турганын түшүнүп атабыз. Ошондойго макул болуп барганы, албетте, кандайдыр бир деңгээлде ички саясый туруктуулук камсыздалбай, эл көтөрүлүп, азыркы бийликке көпчүлүк ишенбей, мындан ары “аймактарыбызды, элибизди жоготуп атабыз” деген маанайда социалдык чыңалууну күчөтүп туруп, анан кандайдыр бир төңкөрүшкө баратабызбы? Ушундай ой жаралууда. Албетте, бул жерде түзмө-түз орус жарандарынын келгенине байланыш жок. Жалпысынан бийликте болуп аткан оюндарды эске алсак, туруктуулук жок болгондугун көрсөтүүдө. Ушундай абалда жашап жатабыз...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер