Алымкадыр Бейшеналиевге “сырдуу белектерди” Салмоорбек Жумабеков тартуулаганбы?
Министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Сабырбек Жумабеков алым сабак айтышып, коомчулук астында кыйла “шоу” жасашты. Көпчүлүк экөөнө тең айраң таңгалышты. Бийликтин аброюна шек кетти. Эми бул жагы көп сөз... Баса, Бейшеналиевдин суунун артынан “кола” ичкени, таластыктарды жерип сүйлөгөнү, айтор, жашыруун тартылган видеолор, компроматтар чыга баштады. Көп өтпөй баласынын Ысык-Көлдөгү коттеджи күйүп кетти. Баары “сырдуу белек” сыңарындай тартуулана баштаптырбы? Кызыгы, министрге карата дал ушундай чабуулдарды Сабырбек Жумабековдун Бишкек УКМКдагы начальник баласы Салмоорбек Жумабеков уюштурган эмеспи? “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, күч органдарындагы кызматкерлер ушул өңүттө жең ичинен катуу талкууларды жүргүзүп жатышканы кандай? Балким бул суроолордун түйүнү чечилип калаттыр...
"Азия Ньюс" гезити