Доор үнү


Кыргызстан эгемендик алган жылдардагы эркин басма сөздү чыгаан журналисттер Кубан Мамбеталиев, Табылды Эгембердиев жана Сатыбалды Жээнбековсуз элестетүү мүмкүн эмес эле. Журналистикага кудуреттүү толкун сымал өзгөчө күч менен келген калемгерлердин бул үркөрдөй тобу өздөрүнүн дараметин, ошол кездин духун чагылдырган, көйгөйлөрүн көтөрүп, кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган курч макалалары менен көз каранды эмес басма сөздүн калыптанышына опол тоодой салым кошушкан. Арман дүйнө, бул “ажайып үчтүктүн” экөө: Сатыбалды Жээнбеков менен Табылды Эгембердиев жарык дүйнө менен кош айтып кетишти. Ал эми Кубан байке дале болсо калемин колунан түшүрбөй, өзү жана эки досу үчүн да эмгектенип жаткан учуру. Ал киши азыр педагог, илимдин доктору. Элчилик да даражасы бар. Жакында эле Кукебиздин акыркы жылдарда жарык көргөн эки китебинин бетачары болуп өттү. Алардын бири “Журналистика жана басма сөз” деп аталса, экинчиси досу Сатыбалды Жээнбеков жөнүндө. Бул эки жыйнак тең окурман журтчулугунун арасында чоң кызыгууну пайда кылып, китеп текчелерден узак мезгил орун аларына толук негиз бар.
Эмгектериңиз кут болсун, Кубан байке! Сизге узак өмүр, чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!











