Лукашенконун рецепти: мончо, арак, тазалык...

Беларусь президенти Александр Лукашенко коронавируска каршы күрөшүүдө мончо, арак, таза абада иштөө жардам берерин билдирди.
“Колуңарды тез-тез жуугула, эртең мененки, түшкү, кечки тамакты өз учурунда жегиле. Бул вирус 60 градус ысыкта өлүп каларын кытайлыктар айтышты. Мен өзүм ичкилик ичпеген кишимин, бирок, акыркы кездерде тамашага чалып, арак менен колду гана чайкабастан, “күнүгө 40-50 граммдан ичке да жутуп коюш керек” деп айтып жүрөм. Мындай ыкма вирусту өлтүрөт. Бирок, жумуш учурунда эмес” деди Беларусь лидери.
Андан сырткары, жумасына эки-үч жолу мончого түшкөн пайдалуу экенин айтып, кургак саунага барып турууну жана паникага түшкөндүн ордуна иштеш керек экенин кошумчалап, айылды мисал келтирди. “Телевизорду көрүп отуруп көзүң сүйүнөт – трактор минген кишилер зыңылдап эле иштеп жүрүшөт, вирусту сөз кылган эч ким жок. Ал жерде элдин баарын трактор сакайтат, талаа айыктырат” деди президент.