Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кечээги сепаратисттердин аша чаап кетишкенинен сабак албайлыбы?..

Кечээги сепаратисттердин аша чаап кетишкенинен сабак албайлыбы?..

17-сентябрь, 13:12
1 147 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кандай гана саясый күрөш болбосун, эң башкысы, мамлекеттин туруктуулугуна шек кетпеши керек. Шайлоо шылтоосу менен эл ичине жик салуу кечиримсиз экенин эске алалы. Убагында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Азимжан Аскаров ж.б. сепаратисттер тескери чыйыр салышып, миңдеген адамдардын убалына калышканын кайда жашырабыз? Кара так катары калды да!

Балээнин баары майда нерседен чыгып жүрбөсүн? Эмесе, бизге түшкөн маалыматтын түйүнүн чечүүгө аракет жасайлы. Демек, олуттуу суроолор жаралууда. “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Шерзодбек Умарбеков аламанга адашып аттанганбы? Жеке кызыкчылыгы үчүн Сузак районундагы өзбек улутун пайдаланууга кириштиби? Элди бөлүүгө үндөй баштаганы ырасталабы? “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дечү беле? Кыргызстан көп улуттуу мамлекет, андыктан, баарынын укуктары бирдей сакталышы керек. Кайсы бир саясый мүдөөгө жетүү үчүн улут аралык кастыкты козутууга, эл ичиндеги аярлуу сезимдер менен ойноого тыюу салынат! Шерзодбек Умарбеков калың катмарга эмгеги сиңбей эле өзбек туугандардын ичинен баш көтөрүп, төш кага береби? Баскан жолу, тажрыйбасы жетишсиз го? “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дейт. Кечээги сепаратисттердин аша чаап кетишкенинен сабак албайлыбы?.. 

Жараткандын буйругу менен тартууланган ырыскыбызды аздектейли. Эки улуттун бир туугандай ынтымагы, биримдикте жашоосу уланышы керек. Негизинен адамдык баалуулуктарыбыз, динибиз да бир. Мындайда шек жараткан майда бузукуларды тизгиндеп коюуга неге болбосун?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер