Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Менден алты жаш кичүү жигит балдарыма ата боло алабы?

Менден алты жаш кичүү жигит балдарыма ата боло алабы?

22-январь, 19:14
3 173 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындан эки жыл мурун күйөөм менен ажырашып кеткем. Анын себеби, күйөөм ичкиликке жакын болчу жана дайыма мас абалында мага кол көтөрүп, тынчтык берчү эмес. Беш жылдай чыдап жашадым. Акыры айлам калбай калганда уулум менен кызымды ээрчитип, төркүнүмө кетип калгам. Учурда балдарым Кыргызстанда, ата-энемдин колунда тарбияланып жатышат. А мен болсо Москвага иштегени кеткем. Алты айдан бери “сүйөм” деп чуркап жүргөн алты жаш кичүү жигит менен граждандык никеде чогуу жашайбыз. Ал болсо “балдарыңа ата болууга даярмын” дейт. Бир жаман жери, экөөбүз чогуу жашагандан бери бир нан көтөрүп келбейт. Ал эми жолдошум болсо “экинчи ичпейм, кол көтөрбөйм, намаз окуп калдым, элдешели” деп жатат. Азыр эки ортодо турам. Кимисин тандаарымды билбей башым айланууда.


Аземгүл

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер