Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Суваналиевдин күч органдарынын башына келүүсү мезгилдин талабы

Генерал Суваналиевдин күч органдарынын башына келүүсү мезгилдин талабы

14-октябрь, 11:33
816 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурда-кийин кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөр коомдук иштерге аралашып, бийлик менен камыр-жумур кызматташууга бара баштаганы өкүндүрбөйбү? Күч органдарында профессионал кызматкерлер бар, бирок башчылары жарыбай, коомго үлгү көрсөтө алышпай калган чакта жашап атабыз. УКМКнын Кой-Таштагы, Чалдыбардагы операцияларын көрдүк, сабатсыздык менен коштолуп, кан төгүлүү, өлүм, ташбараңга калуу көрүнүштөрү коштолгон. ИИМ болсо ички интригаларга чалынып, коррупцияланышып, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ийгиликке жете албай калганын кантебиз? Айтор, эки система тең “эшегине жараша тушагы” дегендей милдеттерин так, жогорку деңгээлде аткара албай калышканын кайда жашырабыз? Деги эле күч органдарындагы жалпы кризистик кырдаалды кантип жеңсек болот? Бир гана жол бар – жогорку жетекчиликке таза, принципиалдуу, тажрыйбалуу кадрларды тандай билүү зарыл. Мындай мамлекетчил фигуралар учурда көмүскөдө калгандай. Маселен, Өмүрбек Суваналиев ИИМге, же УКМК жетекчилигине барса, мыйзамдуулуктун камсыздалышы, коомдук кырдаалды жөнгө салуу менен кайсы система болбосун кадыр-баркын көтөрмөк. Элибиздин бейпилдиги, мамлекеттин алдыга жылуусу ириде коопсуздуктан көз каранды экени талашсыз. Анда эмнеге жаркын келечегибиз үчүн генерал Суваналиевдин тажрыйбасын пайдаланбайбыз? Биз буга чейин да коңгуроо кагып келгенбиз. Дагы сунуш келтиребиз, себеби, мыктыны тааный турган мезгил келди! 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер