Акыркы кабарлар
» Саясат » Күндүн нуру Ысык-Көлдөн чыгып, Таласка чачырап аткандай... Пай-пай-пай!
Күндүн нуру Ысык-Көлдөн чыгып, Таласка чачырап аткандай... Пай-пай-пай!
21-октябрь, 12:18
1 349 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Көлдүк уул-кыздардын ити чөп жеп жатканына жетине албай келебиз. Кубанып, ууртубуздан жылмаюу кетпейт. Эми алар боюнча шашпай кеп кылабыз... Мындайда таластык жигиттер да кем калышпай, катуу чыгып калышканына баракелде! Баары “Комиссар Каттанинин” катта үкалары... “Аганы көрүп, ини өсөт” деген ушу да. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, юстиция министри Аяз Баетов, энергетика министри Доскул Бекмурзаев, каржы министри Алмаз Бакетаев, маданият, маалымат жана спорт министри Азамат Жаманкулов. Кандай гана красавчиктер?! Ошондо күндүн нуру Ысык-Көлдөн чыгып, Таласка чачырап аткандай... Пай-пай-пай!
"Азия Ньюс" гезити