Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтомушев, Келдибеков, Сулайманов, Зулушевдер кимдин тоюнда улак тартышты?

Токтомушев, Келдибеков, Сулайманов, Зулушевдер кимдин тоюнда улак тартышты?

14-январь, 18:37
2 546 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы жылдын алгачкы күндөрү мамлекеттик каттоо кызматында иштеген Кубаныч Имамов той берип, Дача-СУ аймагына улак тарттырганы, байгесине төө, жылкы сайып, ченебей чачылганын кандайча түшүнөбүз? Максат ажы Токтомушев, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Курманкул Зулушев баштаган түштүктүн тыңчыкмалары ат үстүндө азартка батып жүрүштү. 

Эске салсак, Кубаныч Имамов убагында Молдомуса Конгантиевдин асыл тукум аттарын бактырып, шефинин арты менен “майталкандуу” кызматтарда иштеп жүрчү. МАИнин жетекчилигине чейин секирген. Мындай ыкманы кийин баласы Азамат Имамов улантып, Алмамбет Салиевдин күлүктөрүн аздектей таптатып, милицияда карьера жасаганы тар чөйрөгө маалым. Учурда бул жигит Сокулук РИИБде орун басар. Алмамбет Салиевдин мал чарбасын тумшуктууга чокутпай калкалап, улам жер котортуп келгени айтылууда. 

Ток этерине келсек, чоңдорго той берген Кубаныч Имамов өзү мамлекеттик кызматта иштеп туруп, асман чапчыган байгелерди сайганы, эт-бетине карабай чачылганын кандайча түшүнөбүз? Же башкы прокурор Курманкул Зулушев конок катары төрдө отурса, “Мыйзамсыз баюу” беренеси кыйгап өтөрүнө ишенеби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер