» Саясат » Үй-бүлөлүк башкаруунун терс үлгүсүн көрсөткөн Эрнис Толтоев
Үй-бүлөлүк башкаруунун терс үлгүсүн көрсөткөн Эрнис Толтоев
26-декабрь, 09:00
608 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ош облусунун губернаторунун орун басары Эрнис Толтоевдин эжеси Акбермет Толтоева Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси болду. Үй-бүлөлүк башкаруунун үлгүсү ушинтип башталат. Түздөн-түз кол ийрисине тартканы көрүнүп турбайбы. Бул талдана турган маанилүү маселе. Терс көрүнүш. Жогорку жетекчилик тарабынан тескөө болбосо, бүтүндөй тууган-уругун сүрөшүп, кызматтан кызматка көтөрө беришет. Айланып келип катуу сөз тийет. Албетте, бийликтин беделине сокку урулат. Баары райондук, облустук деңгээлден башталып, анан ырбайт эмеспи. Сыртынан Эрнис Толтоев салабаттуу көрүнгөнү менен ичинен туугандашууга ыктап, жеке кызыкчылыктарын мамлекеттин эсебинен ишке ашырууга батыл киришип, билгенин жасай берсе, келечеги кейиштүү аяктап калбайбы?