Жалалидин Нурбаев: “Араванда алгачкы капусталар сатыла баштады”
-- Жалалидин Паязидинович, Ысык-Көл облусуна кире бериш жерге экологиялык пост коюу тууралуу маселе кайрадан көтөрүлүп жатат. Бул канчалык туура болот деп ойлойсуз?
-- Биз экопостту барып көрдүк. Бул жерде кичине маселе бар экен, изилдеп чыгалы дедик. Негизи биз Чолпон-Ата шаарындагы, Тамчы, Бостери айылдарындагы саркынды суулар маселеси боюнча барганбыз. Көл жээгиндеги пансионаттардын абалы менен тааныштык, таштандылар чогултулчу жерлерди көрдүк. Эми комитетте карап, тийешелүү чечимдерди кабыл алабыз. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, экологиялык посттон жылына 53 млн. сом акча түшөт экен. Эгер ошол акча облустун фондусуна түшүп, көлдүн экологиялык көйгөйлөрүн: жолдогу аялдамаларды оңдоо, таштандыларды иштетүү, саркынды сууларды сордуруучу насосторду сатып алуу сыяктуу маселелерди чечкенге жумшалса жакшы болот.
-- Анда пост коюлушун туура эле көрөсүзбү?
-- Эгер жогорудагы маселелер чечилсе. Жок, акча кайра эле башка жакка кетсе...
-- Араванда жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү кандай?
-- Кудай буюрса, алгачкы капусталар сатыла баштады. Жакында кортошка, эрте бышчу пияздар чыгат. ГСМ, жер семирткич жагынан Кудай буюрса, кемчилик жок. Бир гана маселе – өндүрүлгөн продукция кандай сатылат? Ушул жагына кам көрүшүбүз керек.
"Азия Ньюс" гезити