Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курманбек Молдокулов: “Улам жаңылануу менен “Жашыл шаар” долбоорун өркүндөтөбүз”

Курманбек Молдокулов: “Улам жаңылануу менен “Жашыл шаар” долбоорун өркүндөтөбүз”

02-октябрь, 22:24
326 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору менен маек.

-- Курманбек мырза, жакында эле “Жашыл шаар” долбоору өз ишин баштоо алдында турганы кабарланды. Ушу боюнча айтып берсеңиз? 

-- “Жашыл шаар” долбоорун Европа өнүктүрүү банкы менен Бишкек шаардык мэриясы болуп баштадык. Учурда консультанттар, эксперттер сурамжылоо жүргүзүп жатышат. “Кайсы жагдайлар Бишкек шаарынын экологиясын бузууда? ЖЭБ канчалык деңгээлде тийиштиги бар? Жеке секторлор, унаадан чыккан түтүндөр – булар биздин жаратылышка канча зыян алып келүүдө?” деп баардыгын тактап, аныктап чыккандан кийин мастер-план иштелип чыгат. Ал жакта баардык көйгөйлөр жазылат. Аны кандай жолдор менен чечебиз, канча каражат жумшалат, талап кылынган каражаттарды биз каяктан табабыз, инвестиция катары тартып келсек болобу, эл аралык каржы институттары канчасын каржылап бере алат, биздин бюджеттен да каралабы? Мына ушунун баары “Жашыл шаар” долбоорунун планына камтылууда. 

-- “Жашыл шаар” долборунун мөөнөтү канча убакытка созулат жана дагы кандай пландарды өзүнө камтыган?

-- “Жашыл шаар” долбоору 3-5 жылга созулат да, улам жаңыланып турат. Дагы кандай максаттар пайда болсо, алар кошулушуна шарт түзүлөт. Азыр болсо Бишкек шаарынын экологиясын оңдоо, сугат маселеси, жашылдандыруу, сейил бактарды көбөйтүү, энерго эффективдүү турак жайларды салуу, ошону менен бирге зыян келтирип аткан жагдайларды өз убагында токтотуу, чара көрүү таризинде кете бермекчи...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер