“Губернаторлор жоюлса, мамлекетке, элге да пайдалуу болмок”

-- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жоюп, акимдерди түз өкмөт менен иштешкидей кылса болобу? Булардын пайдасынан зыяны көп эмеспи?
Ташболот Балтабаев, экс-депутат:
-- Биринчиден, райондорду ирилештирүүнү жасоо керек, андан кийин баардык азыркы райондор менен республикалык структуралардын ортосунда ортомчулук функцияны аткарып жаткан азыркы облустук башкарууну жоюу зарыл. Ошондо ар бир ири райондун акими түз эле президенттин буйругу менен дайындалып, анын өкүлү болуп саналат. Мындай кайра түзүү пайдасыз бюрократиялык структуранын жана ал жерде иштеген миңдеген чиновниктердин жоюлушуна алып келет. Бул мамлекетке да, элге да пайдалуу.
Рамазан Дырылдаев, укук коргоочу:
-- Эми кандай кылса да баары президент каалагандай өнүгөт. Анткени, эки чылбыр бир тизгин анын колунда. Кыргызстан чакан өлкө, оңой эле башкарса, бюрократияны жойсо болот. Өздөрү эле көп кызматты түзүп алып, мамлекеттин казынасына зыян кылып жатышат да.
Облустардагы губернаторлорду президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү дешкени менен 30 жылдан бери бири да кыйратып иштегенин уга элекмин. “Жасадык” деген реформасынын бир тыянагын көргөн жокмун. Тааныш-тамырларды ошондой жооптуу кызматка тарткандын айынан отчёттор кагаз жүзүндө гана берилип, иш жүзүндө анчалык ишке ашпай жаткансыйт.
"Азия Ньюс" гезити