Мурат Боронов, генерал-майор: “Ысык-Көлдө туристтер өздөрүн толук кандуу коопсуз сезе алышат”
-- Мурат мырза, Ысык-Көл ОИИБ башчылыгына дайындалганыңызга сегиз ай толуптур. Бул аралыкта жетишкен ийгиликтериңизге кыскача токтоло кетсеңиз?
-- Биздин негизги максатыбыз – коомдук тартипти сактоо, кылмыштарды азайтуу жана элдин ишенимин арттыруу. Бул багытта бир катар маанилүү иштер жасалды.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан белгиленген төрт негизги багыт боюнча тапшырмалар өз убагында тынымсыз аткарылууда. Негизинен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу, жарандардын укуктарын коргоо, милициянын ишин замандын талабына ылайык модернизациялоо.
Иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы технологияда иш алып баруу ыкмалары колдонулуп, айрыкча жарандар менен тыгыз иштешүүгө басым жасалууда. Ысык-Көлдө туристтердин көп келүүсүн эске алсак, жайкы сезон учурунда кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштешип, татыктуу сервистик тейлөө көрсөтүштү. Коомдук жайларда видеокөзөмөлдөр көбөйтүлүп, алардын эсебинен кылмыштардын алдын алуу жана дароо ачуу үчүн шарттар түзүлдү. Жарандардан түшкөн арыздарга тез жооп берүү үчүн патрулдук-күзөт кызматтарынын иши жакшыртылды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы атайын топ түзүлүп, жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштери уланууда. Бул чаралар зомбулуктун алдын алууда жакшы натыйжа берди.
Эл менен жакын байланышта болуу үчүн көчмө кабылдамалардын иши күчөтүлүп, жарандардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, тез чечүүгө кириштик. Журналисттер, коомдук кеңештердин өкүлдөрү аркылуу тыгыз кызматташып, коомдук коопсуздук жана кылмыштуулук тууралуу маалыматтар ыкчам жеткирилүүдө.
-- Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо, мыйзамсыз балык уулоо иштери боюнча да айтсаңыз?
-- Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жана 2023-жылдын 10-июлундагы №172 Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык кармоого мораторий киргизүү жөнүндө жарлыктарынын алкагында бир катар маанилүү иштер жүргүзүлүп атат. Бул алкакта Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы, райондук милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери экологияны коргоо боюнча үзгүлтүксүз жана ырааттуу иш алып барууда. Иш-чаралардын негизги максаты – көлдүн экологиялык тең салмактуулугун сактоо, биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо. Демилгени ишке ашыруу үчүн күнү-түнү рейддер уюштурулуп, браконьерликке каршы алдын алуу, ыкчам иш-чаралар көрүлүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлорду тазалоо иштери да активдүү жүргүзүлүп келет. 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча көлдөн жалпы узундугу 60 миң метрди түзгөн синтетикалык торлор алынып, зыянсыздандырылды. Бул чаралар көлдүн экологиялык туруктуулугун камсыз кылуудагы маанилүү кадамдардын бири катары бааланат. Жалпысынан көрүлгөн аракеттер Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын коргоого жана келечек муундар үчүн таза, коопсуз чөйрө түзүүгө багытталган. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу ар бир жарандын милдети экенин эстен чыгарбашыбыз керек.
Быйыл Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Буга карата милиция ардагерлерине өзгөчө көңүл бурулуп, жардамдар көрсөтүлдү. Спорттук мелдештер жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, кесиптештерибиздин эмгеги бааланды. Бул жетишкендиктер – кызматкерлердин, кайдыгер эмес жарандардын жана ар кандай тараптардын биргелешкен ишинин жыйынтыгы. Алдыдагы максатыбыз – коомдук коопсуздукту бекемдеп, эл менен болгон байланыштарды жакшыртып, өздүк курамдын кесипкөйлүгүн жогорулатуу.
-- Кышкы туризмге карата кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?
-- Ысык-Көл облусундагы кышкы туризмдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында бир катар пландуу иш-чаралар жүргүзүлөт. Бул багыттагы негизги милдет – эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, экологияны коргоо. Бизде атайын туристтик-экологиялык милиция иш алып барууда. Бул кызмат облустун коопсуздугун көзөмөлдөөдө маанилүү роль ойнойт. Негизги милдети – туристтердин эс алуусу коопсуз болушу үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүү, кырдаалдык коркунучтарды өз убагында аныктоо, аларды жөнгө салуу. Аталган кызматкерлерибиз ар дайым туристтер көп келген жайларда, анын ичинде тоо-лыжа базаларында, эс алуу аймактарында, курорттордо нөөмөттө турушат. Атайын маршруттарда жөө жана автопатрулдарды уюштуруп, өзгөчө кырдаалдарда тез чара көрүүгө даяр.
Жаратылышты коргоодо дагы туристтик-экологиялык милиция мыйзамсыз аңчылыкка, балыктын кармалышына, о.э. табиятка зыян келтирген башка аракеттерге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Алар экологиялык нормалардын сакталышын катуу көзөмөлдөп, мыйзам бузууларга өз убагында жооп кайтарышат. Бул кызмат үч жыл мурун түзүлүп, ушул аралыкта бир топ ийгиликтерге жетишти. Учурда туристтик-экологиялык милициянын ар бир кызматкери өз кесибинин чыныгы адиси, тажрыйбалуу жана жоопкерчиликтүү офицерлерден турат. Алар ар кандай чукул кырдаалдарда оперативдүү аракеттерди көрүү үчүн атайын даярдыктан өтүшөт. Мындан тышкары, эл аралык тажрыйбаны эске алышып, кызматкерлер туристтер менен түз байланышта иш алып барышат, алардын суроолоруна, көйгөйлөрүнө ыкчам жооп кайтара алышат.
Биздин негизги максатыбыз – сырттан келген коноктор үчүн Ысык-Көлдү коопсуз, жагымдуу аймакка айлантуу. Бул максатта алдын алуу иш-чаралары күчөтүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрү максималдуу түрдө мобилизацияланууда. Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, туристтик мекемелер, экологиялык уюмдар менен тыгыз кызматташуудабыз.
Кышкы туристтик сезондун коопсуздугу боюнча айтсам, мен бул сезондун мыкты жана куунак өтүшүн ишенимдүү айта алам. Биз бул багытта жетиштүү иштерди жүргүздүк. Ысык-Көлдө эс алуучулар, туристтер өздөрүн толук кандуу эркин, коопсуз сезе алышат.
-- Милициянын аброюн көтөрүү боюнча демилгелер барбы?
-- Ооба, милициянын аброюн көтөрүү боюнча демилгелер бар. Мындан улам, биз өз ишибизде коомдун ишенимин сактоо, калыбына келтирүү үчүн баардык зарыл чараларды көрүүдөбүз. Өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана мыйзамды сактоо боюнча иш-чараларды күчөтүү керек экенин тереңден түшүнүп, алардын даярдыгын арттырып жатабыз. Мындан тышкары, коомчулук менен байланыштарды чыңдоо да абдан маанилүү. Кызматкерлердин ишмердүүлүгү элдин көз алдында болуп, ар бирибиз коомчулуктун аброюн сыйлап, жогорку этикалык стандарттарга жооп берүүгө тийиш. Ириде жарандар менен түз байланышта болуп, алардын ишенимине кирүү керек. Ар бир мыйзам бузуу же кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануучу ишти катуу көзөмөлгө алып, тийешелүү жоопкерчиликке тартабыз.
Албетте, коомчулукта милицияга болгон көз караш өтө маанилүү. Ошондуктан, айрым аброй кетирүүчү аракеттердин алдын алуу, андай көрүнүштөрдү жоюу максатында биз өз ишибизди ачык жана жогорку стандарттарга ылайык жүргүзүүгө умтулабыз. Милициянын ыйгарым укуктарын мыйзамдуу, адилеттүү пайдалануу – биздин негизги максат.
-- Соңку убакта республика боюнча үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар күчөгөнү жашыруун эмес. Бул алкакта облустагы иштерден айтсаңыз?
-- Биздин негизги максатыбыз – зордук-зомбулуктун алдын алуу, зыян тарткан жарандарга жардам берүү, коомго бул көйгөй тууралуу маалымдоо.
Биринчи кезекте алдын алуу иш-чараларына басым жасайбыз. Облустагы ички иштер кызматкерлеринин патрулдук топтору жигердүү иш алып барышып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууда өзгөчө роль ойношот. Бул топтор кыйынчылыкка туш болгон үй-бүлөлөрдү үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, аларга жардам көрсөтүүгө даяр. Биз аймактарда, мектептерде жана коомдук жайларда зордук-зомбулуктун терс таасирлерин көрсөтүүчү пропагандалык, маалыматтык иш-чараларды өткөрүп, жарандарды мындай тескери жоруктардан качууга, укук коргоо органдарына кайрылууга үндөп, аракет кылып жатабыз.
Бул маселе боюнча жогорку деңгээлде кызматташуу да өтө маанилүү. Жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери менен биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн атайын пландарды ишке ашыруудабыз. Мындан тышкары, жаштар арасында зордук-зомбулукту болтурбоо, укуктарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери дагы күчөтүлүүдө. Баардык тараптардын биргелешкен аракеттери гана натыйжа берет. Биз бул көйгөйдү чечүү үчүн мындан ары дагы иштеп, зөөкүрлүктүн тамырын кыркууга аракет кылабыз.
-- Жакынкы пландарыңыз, демилгелериңизге карай ойлоруңуз?
-- Биздин негизги максаттарыбыздын бири – Ысык-Көл облусундагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу. Буга жетүү үчүн биздин алдыбызда бир катар стратегиялык багыттар, инновациялык чечимдер бар. Жакынкы пландарымдын эң башкысы – санариптештирүү жагын алдыга жылдыруу. Учурда облустагы шаарлар менен айылдардын ар бир бурчунда атайын адамдын бетин, о.э. автоунаанын номерлерин таануучу видеокамераларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул камералардын толук ишке кириши кылмыштуулуктун алдын алууга, аларды табууга көмөкчү болмокчу.
Ошондой эле жергиликтүү милиция кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу, аларды жаңы технологияларды колдонууга үйрөтүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда ыкчам чараларды көрүү боюнча аракеттерди улантууга кириштик. Биз аймактарда өздүк курамдын ишин күчөтүп, жалпы тынчтыкты камсыз кылуу үчүн туруктуу кызматташтыкты жолго коё алабыз. Айыл-аймактарда атайын профилактикалык иш-чараларды өткөрүү, жаштарга карата атайын долбоорлорду колдоого алып, жаркын келечекке салым кошууга белсендик.
Мурункудан айырмаланып, санариптештирүү аркылуу кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды табуу процессинде жаңы техникалар колдонулуп, бул иш-мерчемдер жалпы коомдук коопсуздукту жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.
Асланбек Сартбаев
"Азия Ньюс" гезити