Ата журттун улуттук идеологиясы
(Мазмундук негиздер жана өзөктүү багыттар. Автордук долбоор)
(Уландысы. Башы өткөн санда)
7. “Адал эмгек - динибиз!”
“Манас” эпосунда Алоокенин кандуу чапкынынын айынан Ала-Тоодон ажырап, “колу артына байланып, кой ордуна айдалып” Алтайга барган кыргыздар ачарчылыктан, жокчулуктан жоюлуп, жок болуп кетерде “Кетмендеп жерди оюшуп, алтындын кенин казышып, жан аябай турушуп, кара жер менен урушуп” мээнеттенишип, акыры оор жакырчылык абалдан чыгышып, өздөрүн өздөрү сактап калышат. Жакып ата менен Чыйырды эне Манасты кулунчак кезинде койчулукка беришип, эмгекке бышыктырышып, баланын “сөз айтууга жатыгышына, сөөгү бышып катышына, Ошпурга барып эр болушуна, эр уулу менен тең болушуна” жетишишет.
“Манас” чүрпөнү эмгекке жатыктырууну анын «уядагы» кезинен, «көк бүчүр», «тал чыбык» учурунан баштоо зарыл деген үлкөн педагогикалык нусканы бизге осуят катары калтырган.
Рухий мурастарыбызда күн-түн тынбаган ак эмгектин, маңдайдан тер шорголоткон адал мээнеттин аркасында эл-журтка атагы чыккан адамдар көкөлөтө даңкталат. Колунан көөрү төгүлгөн усталарды, жез оймок уздарды, көзгө атар мергендерди, балбандарды жана башка түркүн өнөрлүүлөрдү чогултуп, алардын күчүн уюштуруп, эл үчүн маңдайдан тер агызган мээнетке чегип, өзү да белин оорутуп, колун жоорутуп, көз майын коротуп, айлап-жылдап түйшүккө белчесинен батып, узак эмгектенип, Манастын кырк чоросу жана кошууну үчүн аскердик курал-жарактарды, аспап-шаймандарды, жоо кийимдерин, гүлазык, дары-дармекти шайма-шай даярдаган калк энеси Каныкейдин даңазасы эпосто бийик добуш менен жар салынат.
Бүгүнкү күндө кээ бир ак калпакчан атуулдардын “кыргыздар эмгекчилдиктин өрнөгүн кытайлардан, япондордон, немистерден же дунган, корейлерден үйрөнүшү зарыл” деп гезиттерге жазышкандарына, теледен сүйлөгөндөрүнө күбөбүз. А чындыгында кыргыздын өзүнүн улуттук коломтосунда алтынга алмашкыс ажайып кенч-дөөлөттөр, эмгек, эмгекчилдик, мээнеткечтик жөнүндө “Сакадай бою сары алтын” сабак-нускалар уюп жатат.
“Манастагы” “Эмгек кыл, акыңды эмгек кайырат, арыганың семирет, ачкан курсак тоюнат” деген корутундудан улам, атабабаларыбыз эмгек деген нерсени материалдык молчулуктун, татыктуу, таалайлуу жашоонун куралы катары карагандыгын туябыз. Жокчулук, кедейлик кендирди кесет, канатыңды жайылтпайт, уучуңду узартпайт. Ошон үчүн илгеркилер «Манастын” осуяттарынын духунда "Жоктун жону катуу", "Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет", "Ач киши урушчаак, арык кой тырышчаак", "Өрүш малдуу – дасторкон майлуу", "Даны жоктун наны жок, наны жоктун жаны жок" деп жакырчылыкты жамандык катары санаган накылдарды бизге калтырган. Ушундан улам элибиз "Ачтын аңы жүрбөйт" деп өп-чап жашоодон, итке минген кедейчиликтен кутулуунун аргасын издеп, бардар турмушка, майкөл-сүткөл жашоого, ырыс-кешиктүү оокатка (жогорудагы алтайлык кыргыздарды эстеңиз) умтулуп келген. Ошондуктан "Эки бээлүү эл сактайт, жалгыз бээлүү жан сактайт", "Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди", "Эгин айдоо – байлык айдоо" деген насыйкаттар тукумдарга калган. Ал эми жетиштүү, мартабалуу турмушка жеткире турган байлыкты табыштын, күтүштүн жолун калкыбыз жанагинтип, күн-түн тер төккөн чаалыкпас эмгектен, талыкпас мээнеттен көрүп, "Кулча иштеп, бийче же", "Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот", "Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер", "Эмгеги аздын өнмөгү аз", "Күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан өлөт", "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" деген алтынга алмаштыргыс насааттарды урпактарына мурастап туруп, бул дүйнөдөн көчүшүптүр. Мына ушинтип, эмгектин культу, эмгек идеологиясы өзүбүздүн рух казынабызда турат.
Кыскасын айтканда, эл турмушунун энциклопедиясы – улуу рух казынабыз “Манас” бизге эмгек – жашоонун пайдубалы, ийгиликтин ачкычы, ырыскы-таалай, берекенин булагы, атак-даңктын атасы, “Эмгек – эрдин көркү, эр – элдин көркү” деген философияны тартуулайт. Илгери ырын да ырдаган, Манасты да айткан акын Жеңижок бир ырында эмгек жөнүндөгү өзүнүн оюн чегине жеткире минтип таасын айткан: “Адал эмгек – динибиз, ата-баба – пирибиз, өмүрү бүтпөйт тирилик, жаралган адам эмгектен, жарыша иштеп, түрүнүп”. Акындын ою боюнча адамды адам кылып жараткан эмгек экен. Мындай ой адам баласынын жаралышындагы эмгектин ролу жөнүндөгү дүйнөлүк акылман ойлор менен үндөшүп турат.
Кыскасы, элдик казынабыздагы нарктардын ичинен эмгек эң жогорку асылбаа дөөлөт. “Адамды адам кылып баккан эмгек, алтынды сансыз кылып тапкан эмгек” (Жоомарт). “Териң төгүп жерге жак” (Арстанбек). Эмгектин эки жолку баатыры, кыргыздын каарман кызылчачы кызы Зууракан Кайназарова элибиздин эмгекчилдигинин өзүнчө бир символу.
“Манаста” кыргыз жери – Ала-Тоо “Береке экен, бел экен, пенде көрчү жер экен, жердеген адам бай болор, түгөнбөс ырыс-кен экен” деп мүнөздөлөт. Бирок айта турган нерсе, албетте, ушул жерди адам жөн гана конуштаса, жердесе эле ал өзүнөн өзү ырыска тунуп, бай болуп калбас. “Манастын” көркөмдүк-образдык логикасынан ушул жерди барктап-баалап, кадырына жетип, чекеден тер агызган ак эмгек менен бул жерди кетмендеп иштетип, өйдөдөгү Алтайга ооп барган кыргыздарчылап Ала-Тоодо “төбөсү менен жер казып”, түйшүктөнсө гана адам ырыс-кешикке, түгөнбөс береке-байлыкка ээ болмок деген идея чыгып турат. А азыр эгемендүүлүктүн учурунда болсо минтүүнүн ордуна “Жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы” делген берекелүү асыл жерибизди таштап, оңой табылчу оокат издеп, бакытты башка жактан табам деп, чоочун жактарга тентип кетип жатышкан кыргыз жарандарынын тагдыры таңкалычтуу да, аянычтуу да, өкүнүчтүү да. Ошол эле учурда мына бу катарыбыздагы дунган туугандар эч жакка жер которуп кетпей эле дыйканчылык мээнети менен бакытты кыргыз жеринен таап жатышат го. “Манаста” өз мекениңден бакыт табуу философиясы берилген.
Улуттук очогубуздагы эмгек күжүрмөндүүлүгүнүн улуу өрнөктөрүн туу кылып, “карууну казык, башты токмок” кылып мээнеттенип, өзүбүздү да, өлкөбүздү да гүлдөтүү биздин колубузда. Элдик коломтодогу эмгек идеологиясы – биздин куралыбыз.
8. Адам – табият шайкештиги
Бүгүн жер үстүндө кишилерде табиятка карата бухгалтериялык-коммерциялык, прагматикалык-керектөөчүлүк психология, агрессивдүү-жырткычтык мамиле өз бийлигин жүргүзүп, адам табияттын кожоюну деген антропоцентристтик менменсинген көз караш үстөмдүк кылып, адамзаттын маданий-рухий, ыймандык өнүгүшү анын дүркүрөгөн материалдык-техникалык өнүгүшүнөн артта калган заман орноду. Мына ушунун натыйжасында дүйнөнү экологиялык кыямат каптап, Калыгул олуя айткандай, жер бетинде тоолор токол болуп, талаалар такыр болуп, замана акыр болуп баратат.
Улуу Циолковскийдин “адамдар табиятка чабуул жасап жатышат, кийинки чабуулду аларга табият өзү баштайт” деп айтып кеткен сөзү бар. Адамдардын агрессивдүү мамилесине жооп кылып, чынында эле табият бүгүн кишилерге карата өзүнүн чабуулун баштоодо. Антропогендик, техногендик факторлордун натыйжасында планетанын температурасы акырындап жогорулап, пенде тиричилигин суу менен камсыз кылып турган бийиктеги тоо мөңгүлөрүнүн эрип түгөнө башташы, трубалары зыяндуу химикаттарды абага бүркүп чыгарган өнөр жай гиганттары жайгашкан шаарларда тургундардын рак, кан тамыр, нервдик-психикалык ооруларга тез-тез чалдыгып отурушу, ымыркай балдардын эненин эмчек сүтү менен химикатты да кошо эмип жатышы (маселен, соолуган Арал деңизинин аймагында) бул табияттын ачууланган чабуулу эмей эмне? Демек, экологиялык апокалипсистин алдында, кеч болуп кала электе, жер энени “атып”, жан таслим кылып алып, анан “Карагул ботомду” айтып, какшап кала электе акыл-эсибизге келишибиз керек.
Кыргыздын тээ илгертен бери жаратылыш менен күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышып жашап келген адебине кайтып келүү керек. Кыргыз баласы өзүнүн экологиялык аруу моралдык эрежесин, этикалык даанышмандыгын өзү жараткан улуу чыгармаларга түйүнчөктөй түйүп, муундарга осуяттап келген.
Кыргыздын жаратылышка карата жаркын адеби, аксанатайлыгы “Эр Төштүк” эпосу аркылуу бизге тартууланган. Төштүк баатырдын жан-жаныбарга жасаган гуманизми (терең ордун түбүндө кор болуп, бакырып жаткан аюуга, таманына чөңөр кирип боздоп отурган жолборско, уюгу өрттөнүп жаткан кумурскага жапакечтенип жардам бергенин эске түшүрөлү) табиятка айкөл, адамгерчиликтүү мамиленин өрнөгү. Төштүктүн мамилесине жетине албай, “сыйга сый, сыр аякка бал” дегендей, айбанаттар ага “гүлдөй бажырайып” ачылышып, «Өчкөн бир отум тамыздың, Төштүк! Өлгөн жаным тиргиздиң, Төштүк!» деп жандары калбай алкап турушат. Зарыл учурда чакырсаң, жардамга келем деп кумурска Төштүккө бир бутун жулуп берет. Айбанаттардын алкап жатканы бекеринен эмес. Жаратылыш баардыгын сезет, туят, адамга ийип меримин чачат. Маселен, мынабу өсүп турган чөп – бул да бизге окшоп жарыкчылыкка туулган тирүү жандарман. Чөп да биз өңдөнүп кадимкидей кайгырат, кубанат. Ызгаар, кар каптаган күнү белин ийип, башын салаңдатып салбырап турат, каны катып суусаса кубарып өң-алеттен кетет. Чөп да тирүүлүктү эңсейт, соолугусу, куурагысы келбейт, боюн керип күндү карай умтулат, топуракта тамырларын балкытып, күн нуруна денесин чалкытып, жорткон желге бой ыргап, жадырап-жайнап өскүсү, жакшылык көрүп жашагысы келет. Албетте, Төштүк баатырдын айбанаттар менен сүйлөшкөнү же болбосо айбанаттардын Төштүккө сүйлөгөнү – бул көркөм метафора деңизчи, бирок маңызы өзгөчө. “Төштүк” эпосу бул метафора аркылуу адам менен айбанаттын ортосу “кытай дубалы” менен бөлүнүп турбагандыгы, айбанаттын да кишиникиндей өзүнүн “жандүйнөсү” бар экендиги, анын да киши менен тил табышууга, сыйлашууга, сырдашууга жөндөмдүү экендиги, табиятка жасалган мээримдүү мамиле түбү адам баласына кайрадан жакшылык болуп кайтып келери жөнүндөгү гуманисттик ой уютмасын насааттап турбайбы.
Мифтикби, зооцентристтик түшүнүктөр үстөмдүк кылган заманда жаралган чыгармалар дейбизби, кандай болгон күндө да, “Эр Төштүк” эпосу бүгүнкү экологиялык кризиске тушуккан адамзатка пайдалуу, керектүү, эң актуалдуу гумманисттик идеяларды тартуулап турган улуу классика.
“Эр Төштүктүн” табиятчыл гуманизмин турмушта реалдуу жашап өткөн бабабыз, кийинки акылман Асан Кайгынын улуу этикасы толуктап турат. Асан Кайгы ар бир жаныбардын бу дүйнөгө жаралып калгандыгы үчүн айыптуу эмес экенин туюнган. Алардын жашоого табигый укугун урматтаган. Асан Кайгы жаныбардын өзүнө айлана билип, жарыкчылыкка жаныбардын көзү менен карап, жаныбардын жүрөгү менен суусап, тирүүлүккө кумарланган. «Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же басарга буту жок, жылан байкуш кантти экен? Таразасын көтөрүп, тарбаңдаган шор тумшук, ташбака байкуш кантти экен? Боору жерге жабышкан, баса албаган балчактап, бака байкуш кантти экен? Кирер эшиги жок, корголор тешиги жок, коңуз байкуш кантти экен?» деп ар дайым жан-жаныбарлардын тагдырын ойлоп, убайым жеген. Асан Кайгынын адеп-ахлагы – бул кыргыз калкынын айкөл адамгерчилигин, мээримдүү жандүйнөсүн, жаратылышка түшүнүүнүн, аны урматтоонун, табият менен жуурулушкан улуу акылмандыктын жана руханий сергектиктин символу. Кыргыздын табият менен шайкеш жашаган бул экологиялык адеби бүгүн пайданала турган, сабак ала турган актуалдуу осуят.
“Жер шары, биз жашаган биосфера, хрусталь сарай сыяктуу аёолуу нерсе” деген сөз бар. Анда баардыгы өз ара чырмалышып, бири-бирин шарттап, бири-бирине багынычтуу. Бир эле элементине шек кетсе, экинчисине да доо кетет. Мисалы, сазды кургатып таштаса, нымдуулукту сүйгөн өсүмдүктөр куурап жок болот. Мына ошондуктан “хрусталга” өтө аяр жана баардык жагынан ойлонулган кылдат мамиле зарыл. Бизде адамдардын көпчүлүгү табиятты коргоо, сактоо өкмөттүн жана министрликтин иши деп ойлоого көнгөн. А бирок Ч.Айтматов айткандай, ар бир карагайдын түбүнө кароолчу коё албайсың. Кароолчу ар бир адамдын ичинде болуш керек. Кароолчу – бул инсандагы экологиялык уят-абийир, ыйман. Кароолчу – бул ар бирибиздин ичибизде отурган «Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же басарга буту жок, жылан байкуш кантти экен?» деген Асан Кайгынын улуу айкөлдүгү. Кароолчу – бул ар бирибиздин жүрөгүбүзгө орноого тийиш болгон улуу Жеңижоктун "Адамзат пендеси, аккан сууну булгаба!" деген адеп-ыйманы. Кароолчу – бул байыркы Эр Төштүк сыяктанып, жаныбарлар менен сүйлөшө билүү жөндөмү же азыркы тил менен айтканда, табият менен диалог жүргүзө билүү айлакерлиги.
Бүгүнкү экологиялык тарбиянын милдети – жаш муундарыбыздын, жарандарыбыздын жандүйнөсүндө ушундай “кароолчуну” түптөө, жаратуу. Ушундай мээримдүү, боорукер адеп-ахлак жана гуманисттик акыл-эс гана жараланган табиятты дарылап айыктыра алмак жана адам менен жаратылыштын ортосунда гармонияны түзүүгө жөндөмдүү болмок. Коомубузда экологиялык маданиятты жаратуу, өнүктүрүү улуттук идеалогиянын орчундуу милдети.
9. Асылдыкка карк адептик – Ата-Журтка барк
Тарыхтын узак, татаал, кыйын-кезең жолдорунда, кылымдардын кыйырларында азап-тозокту, ачуу-таттууну, өйдө-төмөндү көп көрүп, бактылуу күндөрдү да, трагедияларды да башынан өткөрүп, (“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырың барбы кыргыз сөөгү жатпаган”), турмуш “тегирменинен” ийленип өтүп, ак калпак калк бу жашоого, адамга, жамаатка, табиятка аёолуу мамиле жасап калган. “Торгойдун жумурткасын көрсөң жарбай жүр, убал болот” дейт баласына кыргыз. Бозүйдүн түндүгүнө уя салып, балапан баскан чабалекейдин “үйү” бузулуп калат деп бозүйүн чечпей, жайлоого көчпөй, жакада калган да кыргыз. “Таш менен урганды аш менен ур” деп жамандыкты жакшылык менен жеңген да, өтүп бараткан чоочун жолоочуну “кудайы конок” кылып, кой союп, үйүнө кондуруп, сыйлаган да кыргыз. Кыргыз жазында айдоого тукум сээп жатканда “Жылуу жерден конуш тап. мунусу жетим-жесирге, мунусу алсыз карыпка, мунусу курт-кумурскага, мунусу сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага” деп үрөнүн чачып, пейилинин кенендигин, рухунун жоомарттыгын айгинелейт. Тээ илгертен достук сезимин кастарлап, көптөгөн майда эпосторду бооруна кысып, канатынын алдына калкалап журт кылып, тумшуктууга чокутпай, туяктууга тептирбей келген да ак калпак эл эмеспи.
Кыскасын айтканда, кыргыз эли өзүнүн кылымдарды карыткан тарыхында бу жакырчылыкта адам болуп, атуул, жаран болуп жашоого жол көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн, адептик-ыймандык нарктардын бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Кыргыз элинин идеялык-рухий өзөктүү, уңгулуу кенчтери чынында эле күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө багышталган. Анан да ал нарктар тарыхтын бороондуу жолдорунда жашоо үчүн болгон күрөштө топтолгон элдик тажрыйбадан жуурулуп жаралып, калкыбыздын “канында”, жүрөк-жүлүнүндө жашап калган.
Калкыбыздын наркындагы эл эркиндигин, Ата журт боштондугун эң жогорку ыйык дөөлөт катары тутунган идеялык салт, ушул салтты туу тутуп, элинин көз карандысыздыгы, бак-таалайы үчүн каруусун казык, башын токмок кылган Манас ата баш болгон жүздөгөн, миңдеген патриот уул-кыздарыбыздын мекенчилдиги, калдайган калк алдындагы, мекен алдындагы парздан, убада-шерттен тайбаган атуулдук жоопкерчилик, сөз менен иштин төптүгү, эмгекчилдик, мээнеткечтик, ар-намыстуулук, адамкерчилик, айкөлдүк, жоомарттык, меймандостук, боорукерлик, адилеттүүлүк, калыстык, канатташ калктарга кучагын жайган достук, улут биримдиги, жарандык ынтымак, жаратылыш менен болгон шайкештик, ата-энени улук жана ыйык катары ардактоо, улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо, бири-бирине кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара жардамдашуу, каралашуу, жамандык-жакшылыкта кол кармашуу сыяктуу жамаатчылдык (коллективизм), жамандыкты жакшылык менен жеңүү (“Таш менен урганды аш менен ур”), барга топук, азга сабыр кылуу, топуктуулук, каниеттүүлүк, материалдык байлыктан рухий байлыкты жогору коюу, өнөр-билимди барктоо, ата-бабалардын арбагын аздектөө, тарыхый эстутумду урматтоо, эл-жерди сүйүү, махабат, ыймандуулук, “Кыздын кырк чачы улук” деп аялзатын сыйлоо өңдүү баалуулуктар кантип түбөлүктүү эмес, кантип өлбөс-өчпөс болбосун жана кантип эскирсин?
Нравалардын ушундай абалын көрүп туруп, Калыгул менен Арстанбек учурунда кыргыздын кызынын уяттуу, уулунун урматтуу, келини келбеттүү, кемпири барктуу, карыясы нарктуу экенин ырга салышкан турбайбы. Жогорудагы саналып өткөн адеп-ахлак нарктары улуттук гана эмес, жалпы адамзаттык да мааниге ээ жана бул баалуулуктар дүйнөлүк ар кандай моралдык документтердин негизине алынууга татыктуу дээр элек. Байыркы кыргыз эли ислам Борбор Азияга келип жеткенге чейин эле аталган адеп-ахлак нарктары менен өмүр кечирип келген жана бул нравалык дөөлөттөр эл-журтубуздун реалдуу турмуштук этикасында жашап, “Манас” баш болгон классикалык көркөм мурастарыбызга сиңирилип, тарыхыбызга тамга болуп басылып, соңку капиталисттик-рыноктук цивилизациянын бүлүндүрүүчү терс таасирлерине карабастан азыр да элдик турмуштун катмарларында көрөңгөсү соолубай “жүрөк кагып” турат.
Тарыхтын бороон-чапкындуу татаал жолунда кыргызды ушул уңгулуу дөөлөттөр сактаган. Ошол нарк-кенчтер, кыргыз элинин өмүр-жашоосунун негизин, пайдубалын кечээ да түзгөн, бүгүн да, эртең да түзүүгө тийиш. Калкыбыздын көөнөрбөс адеп-ахлах асылбаа байлыгы-тарбиянын соолгус мүрөк суусу. Адеп идеологиясынын түгөнгүс ресурсу.
10. Ала-Тоонун жараны ким болушу керек?
Кыргызстандын буга чейинки иштелген билим-тарбия концепцияларында, мамлекеттик доктриналарында улуттук баалуулуктардын кызыкчылыктарынан чыккан идеологиялык стратегия ачык көрүнбөй келди.
Документтерибиз Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиялык мүдөөсүнө ылайык атуулду эмес, жалпы эле «дүйнөнүн граждандарын» окутуп тарбиялоого багытталып, негизинен космополиттик духта болуп, абстрактуу мүнөздө экендигин өкүнүү менен айтпай коё албайбыз.
«Таманынын» алдында улуттук кыртышы жок, көөдөнүндө улуттук өзөгү жок, улуттук жүрөгү жок тарбия, ал тарбия катары атала албайт. «Улуттук көрөңгөсүз, элдик аңызсыз эч нерсе өспөйт жана эч кандай мөмө болбойт. Ар кандай мөмө-жемиш өсүш үчүн өзүнүн топурагы, өзүнүн климаты, өзүнүн тарбиясы болуш керек. Бутуңдун алдындагы бекем кыртышсыз алдыга ийгиликтүү жылуу мүмкүн эмес» (Ф.Достоевский).
Кыскасын айтканда, улуттук баалуулуктарга негизделген таалим-тарбия багыттамасы мамлекеттик деңгээлде документтештирилип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыктан улам, өлкөдө келип чыккан вакуумду массалык маданияттын арзан стандарттары жана стихиялуулук ээлеп, түркүн күчтөр тарбия «арабабызды» Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, урпактарыбыздын социалдашуусу ыраатсыз, башаламан өтүп келди. Бүгүн кыргыз жаштарынын бири хизб-ут тахрир болсо, экинчиси христианин, үчүнчүсү буддист, төртүнчүсү баптист, дагы бири йоговдук сектанын мүчөсү, дагы бири диндик экстремисттик-террордук уюмдун катарында. Мындай абал улутубузду сактоо кызыкчылыгынан алганда, өлкөбүздүн келечеги үчүн коркунучтуу.
Дагы айталы, кылымдап калыптанган салтка, рухий-маданий уңгуларга, тарыхый өтмө катыштыктын, уланмалуулуктун мыйзамына таянбаган тарбия тамырсыз, улутсуз идеология барып-барып туюкка кептелерин тарых ырастап келет.
Коомубузда президент Садыр Жапаровдун белгилүү “Инсандын руханий адеп-ахлактык жактан өнүгүү жана дене тарбиясы жөнүндөгү”, «Улуттук нарк жөнүндөгү», «Кыргыз жараны» жарлыктарынан кийин улуттук кыртыштагы уңгулуу баалуулуктарга, нарктарга багыттануу активдүү жанданды. Аталган жарлыктар муундарды социалдаштырууга багыт берген өзүнчө бир жолчырак болуп калды. Президенттин бул жарлыктарынын контекстинде Кыргыз Республикасына кандай жаран, кандай нарк-насили бар атуул керек? Өлкөнүн идеологиялык таалим-тарбия системасы жаш адамда кандай менталитетти, кандай социалдык-нравалык сапаттарды түптөшү, калыптандырышы, өнүктүрүшү керек? Башкы максат кайсы, уядан кимди учуруп чыгарабыз?
Эмесе, биздин эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаранды идеологиялык тарбиялоо стратегиясынын башкы максаты төмөндөгүчө коюлушу ылайык:
-- жаш адамдарды Ала-Тоо Ата журтубуздун эркиндигин, эгемен мамлекеттүүлүгүн эң жогорку ыйык дөөлөт деп санаган бийик жарандык аң-сезимдүүлүккө, мекени үчүн жанын берүүгө, анын гүлдөп өнүгүшү үчүн каруусун казык, башын токмок кылууга даяр турган, “Ата журтумсуз мен киммин, ата-энесиз жетиммин”, «басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин» деп ойлонгон, ата конушунун бүтүндүгү, эл-журтунун биримдиги үчүн тикесинен тик турган, «Сен ооруба, мен ооруюн Ата журт» деген патриоттуулукка тарбиялоо;
-- Азиядагы эң байыркы калктардын бири болгон, бир кезде өзүнүн империясын курган кыргыз элинин тарыхтын бороондуу жолдорунда эркиндик, боштондук үчүн болгон азап-тозоктуу каарман күрөшүн, баатырдык тарыхын терең билген, аны менен сыймыктанган, ата-бабаларынын мекенчил өрнөгүн үлгү туткан, бекем тарыхый эстутумга эгедер, көкүрөк-көөдөнү ар-намыска жана абийирдүүлүккө, достук сезимге ширелген атуулду тарбиялоо;
-- Ата мекенинин рухий мурастарын мыкты өздөштүргөн, элинин кылымдарды карыткан уңгулуу салттарын боюна сиңирип аздектеген, калкынын маданиятына, адеп-ахлагына, руханиятына жандүйнөсү сугарылган, аларды колдоно жана өнүктүрө билген, улуттук-этникалык иденттүүлүккө эгедер жаранды жаратуу;
-- Эне тилим – улутумдун жүзү, улутумдун жаны, «Улут болсом, тилим менен улутмун» (Э.Ибраев) деп түшүнгөн, эне тилим – эне сүтүм, ыйыгым жана сыймыгым, адамдыгымдын жана атуулдугумдун чен-өлчөмү, «Башка тилди канча жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм» (Алыкул) деп туюнган, мамлекеттик тилдин байрагын желбиретип бийик кармап алып жүргөн, кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу маданиятынын өрнөгүн көрсөтө билген азаматты жетилтүү;
-- демократиялык идеяларга берилген, адам укугун урматтаган, мыйзамды сыйлаган, жалпы адамзаттык маданияттын үзүрлөрүн өздөштүргөн, толеранттуу, диалогго жөндөмдүү, атаандаштыкка жарамдуу, кесипкөй, илим-билимдүү инсанды таптоо.
Мынакей, өлкөнүн таалим-тарбия идеологиясы жарата турган кыргыз мамлекетинин жаранынын өрнөгү. Ушул жарандык моделди реалдуулукка айландыруу Кыргызстандын таалим-тарбия системасынын, улуттук идеологиянын башкы мүдөөсү. Кыргыз мамлекетинин, эгемендүүлүгүбүздүн, улутубуздун сакталышына, боосунун бекем болушуна, коопсуздугуна, гүлдөп өнүгүшүнө жана жаркын келечегине дал ушундай жарандык менталитет гана гарант болуп бермек. Кыргыз мамлекетинин арка-бел кылары, таянар тоосу ушул касиеттерге эгедер атуул.
Мындай жарандык минталитетти түптөп өстүрүүгө баардык институттар: үй-бүлө, бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайы, коомдук уюмдар, мамлекет катышып, өз үлүштөрүн кошушу абзел.
11. Кадрлар – калктын канаты
Өлкөнүн башкаруу рулдарында, мерчемдүү, түйүндүү кызматтарда чыгаандар, чыныгы азаматтар турганда мамлекеттин “ташы өйдө карай кулап”, калктын “кырманына дан толуп, дасторконуна нан толуп, өрүшүнө мал толуп” мыкты заман болорун турмуш, тарых тажрыйбасы ырастап келет. СССР доорунда ылакапка айланган “Кадрлар баардыгын чечет” деген афоризмдин акыйкат экендигин бүгүнкү мезгил да далилдеп көрсөтүүдө.
Чынында коомду ийини менен түртүп, алдыга жылдырган кадрлар – элдин, жамааттын бактысы, мамлекеттин таянычы. Кадрларды туура тандоо, туура жүргүзүлгөн кадр саясаты өлкөнүн тагдыры үчүн чечүүчү мааниге ээ. Социализм жылдарында башкаруу рулдарында турган Болот Мамбетов, Абды Сүйөркулов, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Ахматбек Сүйүнбаев, Турдакун Усубалиев, Медеткан Шеримкулов, Абсамат Масалиев, Сагипа Кондучалова, Корчубек Акназаров, Апас Жумагулов сыяктуу чыгаандар тобу өлкөнүн экономикасын, маданиятын көтөрүп, элибизди цивилизациянын жолуна алып чыккан. Ал эми Кара Кыргыз автономдуу облусун негиздеп, бутуна тургузгандар И.Арабаев, И.Айдарбеков, А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, Т.Айтматов, Б.Исакеев, К.Тыныстанов өңдүү “жолборстордон” жана “бүркүттөрдөн” турган команда болгон. Бүгүн биз ушулар түптөгөн фундаменттин үстүндө турабыз.
Эгемендүүлүк жылдарында кадр саясатындагы салт болгон улуу принциптер, жоболор бузулуп, бул жаатта ыраатсыздык, башаламандык келип чыгып, коррупция Акүйдүн жетинчи кабатына чейин чыгып барганы өкүнүчтүү.
Жогору жакка айдап, айдап мал берип,
Сүрүп, сүрүп сүйрү өркөчтүү нар берип,
Чоң таякең чоң кылды эле ким болдуң?
Эшек элең, бир заматта пил болдуң.
Бул саптарда кадр саясатында орун алган типтүү чындык поэтикалык формада чагылдырылган.
Карагын эй, капчыктары күч берип,
Каргалардын бүркүттөрдөн озгонун.
Бул саптарда да кашкайган чындык айтылган. Ырас, эгемендүүлүк доорунда мамлекеттик башкаруу “туурларына” кээде бүркүттөр, шумкарлар коно калган учурлар да болду. Бирок бийлик чокуларын көп учурда казынага кол салган каргалар жана арымы кыска майдалар, колдогону күчтүү кожолор, Кумтөрдү талаган кузгундарды колдогон кулкуну бузуктар ээлеп турганы ырас болчу. Кыскасы, кадр саясатында калкын эмес капчыгын, мекенин эмес менчигин, улутун эмес уруусун, жамаатын эмес жакынын, Кудайды эмес, кудасын ойлогон жемкор аткаминерлердин жүрүм-туруму акыры калдайган калың элдин шоруна айланды. “Начальниктин жыргалы – элдин болду кууралы” дегендей, журтубуз экономикалык кризистин сазына батып, жарандар миңдеп-миллиондоп чет өлкөлөргө тентиди. Балким кадр саясатынын тизгинин уучтаган төрөнүн элге каршы ою жоктур... Бирок анын өз көмөчүнө күл тартакан эгоизми, кадр маселесин чечүүдөгү субъективизми объективдүү түрдө жалпынын ишине жамандык катары кайрылып келип, коом өспөй, бир ордунда туруп калып жатпайбы.
Демек, Кыргызстанда кадр саясатын кардиналдуу түрдө өзгөртүп, аны калк кызыкчылыгында калыс чечүүдөн башка жол жок. Улуттук улуу рухий мурастарыбыз көрсөтүп турган сабактарды, айтып турган насыйкаттарды эске түйбөй, көңүлгө тутпай коюу мүмкүн эмес. Маселен, “Манас” эпосубузга карайлы. “Балдар, башчысы болбой марыбайт, башаламан жарыбайт” делет «Манаста». Калайык-калк качан марыйт? Манастай башчы болгондо гана эмес, ошол ажонун айланасында элдин, мекендин жогорку кызыкчылыктары үчүн жуурулуша баш кошкон, бири-бирине кылдай арамдыгы жок, ниети аппак, пейили булактай таза Бакай, Кошой, Ажыбай, Каныкей, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу жол көрсөтөр чыгаандар жана кеменгерлер турганда гана журттун иши оңолуп, ташы өйдө кулайт. Ырасында эле, Манас ажонун сиңирген эмгеги жана көрсөтүп турган таалими ушунда: ал өз тегерегине, азыркыча айтканда, жогоркудай күчтүү команданы топтой алгандыгы үчүн кыргыз калкы кырылып, жоюлуп кетүү коркунучунан аман калып, кайрадан эл болуп биригип, өз алдынча мамлекет болуп, эңсеген мүдөөсүнө жетет. Акылмандыгы жана арстандыгы аркасында ар кай жакка чачылып кеткен кыргыздарды баш коштуруп, бириктирип, Ала-Тоо конушту кайра алып, «Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган» эмгеги, эрдиги үчүн биз Манас атага түбөлүк таазим кылып, ар дайым өрнөк кылып, аны менен сыймыктанып, төбөбүзгө туу кылып көтөрүүгө тийишпиз. Манас ажонун азыркы тил менен айтканда, кадр тандоодогу көрсөтүп турган мындай өрнөгү кыргыз үчүн өтө керектүү сабак. Жогоруда айтылгандай, башкаруу органдарында бүркүттөр, шумкарлар эмес, көп учурда жорулар, кузгундар, каргалар отуруп келди. Бекеринен Кыргызстанда үч жолу революция жасалган жок.
Бүгүн кыргыз мамлекетине кадр философиясы керек. Кыргыз коому өзүн локомотив сыяктуу сүйрөй турган күчтүү инсандарга – кадрларга муктаж. Мерчемдүү түйүндүү кызматтарда, башкаруу рулдарында ишкердик сапаттары, уюштуруучулук таланты, жемиштүү жаратмандык тажрыйбасы менен эл көзүнө көрүнгөн, дүйнө таанымы кенен, профессионал, коомдун өнүгүүсүнүн муктаждыктарын кылдат туюп турган, татаал экономикалык, социалдык-маданий көйгөйлөрдү талдап түшүнө билген, улуттун, калктын стратегиялык кызыкчылыктарынан жана мүдөөлөрүнөн чыгып маселе чечкен, элдин энергиясын, түзүүчүлүк потенциалын керектүү нукка багыттай алган, инновациялык чыгармачылык ишмердикке жөндөмдүү, адептик-ыймандык жүзү таза, талапчыл, принципиалдуу, Манас атабызча “Үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы” деген патриот инсандар турганда мекенибиздин арышы кеңип, ташы өйдө куламак. Бүгүнкү биздин бийлик башчыларыбыз улуу мурасыбызда катылып жаткан жанагындай чоролорду тандоо философиясын көкүрөктөрүнө түйүп, Манас атанын башкаруучу топ түзүүдөгү өрнөгүн ээрчип, иш жүргүзүүлөрү ылайык.
Бүгүнкү күнгө которуп айтсак, азыркы акимдер, мэрлер, губернаторлор, өлкөнүн президентинин чоролору, бүгүнкү президент Манас атанын салтында адилеттүү башкаруу жүргүзсө, акимдер, мэрлер, губернаторлор, министрлер да президентке, мекенге Манастын чоролорундай кызмат кылууга тийиш.
(Уландысы бар)