Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кофенин мээге кандай пайдасы бар?

Кофенин мээге кандай пайдасы бар?

30-март, 11:56
721 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Австралиялык окумуштуулар күн сайын кофе ичкен адамдарда жаш менен келе турган когнитивдик бузулуу (эс-тутумундун, мээнин иштешинин начарлашы) тобокелдиги аз экендигин аныкташты. Ал адам мээсинде амилоиддик белоктордун жайыраак топтолушу (альцгеймер оорусунун негизги себеби) менен байланыштуу. Изилдөөнүн жыйынтыгы “Frontiers of Aging Neuroscience” журналында жарыяланды.

Окумуштуулар Эдит Коуэн университети тарабынан 10 жыл аралыгында ири байкоо менен изилдөөнүн маалыматтарына анализ жүргүзүп, кофе менен альцгеймер оорусунун маанилүү маркерлеринин ортосунда байланышты аныкташкан.

“Кофени көп ичкен катышуучуларда альцгеймер оорусуна алып келе турган когнитивдик бузулуу тобокелдигинин төмөн экендигин байкадык” дейт макаланын автору Саманты Гарденер.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, аталган суусундукту сүйүүчүлөрдө мээнин негизги аткаруучу функциялары (пландоо, өзүн-өзү коргоо жана көңүл буруу) убакыт өткөн сайын аз өзгөрүүгө дуушар болгон.

Изилдөөчүлөр изилдөөдө күнүнө кофени канча көлөмдө ичүү керектигин карашкан эмес, бирок алар күнүнө эки чашка кофе ичүү зыян эместигин билдирет.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер