Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Динчилдердин колдоосу менен кийинки президент Нуржигит Кадырбеков болушу мүмкүн

Динчилдердин колдоосу менен кийинки президент Нуржигит Кадырбеков болушу мүмкүн

16-декабрь, 18:00
2 732 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаш кезинде Нуржигит Кадырбеков каратист, ырчы, тамада, мамлекеттик кызматкер, айтор, аркалабаган кесиби калбаптыр. 2010-жылы Аликбек Жекшенкуловдун “Акыйкат” партиясы менен парламенттик шайлоого катышып, саясаттын балын таткан. Көзү ачылгандай. Бактысы Алмазбек Атамбаев президент болгондон кийин жанды. “Ыйман” фондусунун жетекчилигин минип, сырттан келген миллиондорду иштетип, өзү да телчигип алды. Былтыр “Ыйман Нуру” партиясы менен чоң саясатка аралашып, төңкөрүштөн соң министрлик кызматты аркалап, бирок четке сүрүлө берди. А быйылкы шайлоодо “Ыйман Нуру” Жогорку Кеңешке өттү. Негизинен диний радикалдар колдошту. Сөзгө чебер, ийкемдүү Нуржигит Кадырбеков бул бийликтин эбин табууга, мындан ары да карьералык секирик жасоого абдан кызыкдар. Ал эми кептин түпкүрү башкада... Ислам мамлекетин курууга ашыккан сырткы күчтөр да даяр кадрды келечекте колдоого алууга, каражат жагынан аянбоого барышары ыктымал. Эмки президенттик шайлоодо Нуржигитти сырткы талибандар сыяктуу сакалчандар, ички диний уюмдар да жапырт сүрөөнгө алышса, албетте, мамлекеттин башына келип калышы ажеп эмес. Ошондо заманбап айдыңда өнүгүп бараткан өлкөбүз артка кетип, Афганистан, Сирия сыяктуу согушкан, талкаланган, шарыят менен башкарылган чөлкөмгө айланып калбайбызбы? Астейдил анализ жасап, бул өңүткө этият карабасак, акыры бир улуттун шорлой турган кезеңи алдыдабы?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер