Акыркы кабарлар
» Коом » Суук тийгенде 5-6 литр суу ичиш керекпи?
Суук тийгенде 5-6 литр суу ичиш керекпи?
28-март, 17:09


Күнүнө 2 литр суу ичиш керек экенин баарыбыз билебиз. Ал эми ооруган адам күнүнө 5-6 литр суу ичиш керектигин билбейбиз. Эмнеге мындай? Россиялык окумуштуу Мария Ионидис ооруган кезде көп суу ичүүгө кеңеш берет.
Вирус — бул организмдин интоксикациясы. Аны «жууп» кетирүү керек. Көп суу ичүү аркылуу ал вирустун ашказанда жайланышып алуусуна жол бербейт.
Аскорбин кычкылы иммундук системаны бекемдеп, жаңы клеткалардын көбөйүүсүнө жол ачат. Компот, имбир менен лимон кошулган чай сизди бутка тургузат. Бирок С витамининин кайнаган сууда жоголорун эске алып, жылуу суу ичүүгө кеңеш беришет.
Ооруган кезде ысык чай менен кычкыл суусундуктарды абайлап ичиш керек. Себеби, организмдин күч-кубаты ысык чайды муздатууга кетип калат.










