Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте аялдар маммологдун кароосунан бекер өтө алышат

Бишкекте аялдар маммологдун кароосунан бекер өтө алышат

07-март, 17:36
557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте 7-11-март аралыгында аялдар акысыз маммографиядан өтө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Кыргыз-Түрк достук ооруканасына барган учурда айтылды.

Анда министр Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн Түркия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

«Бул иш-чара онкологиялык оорулардын алдын алуу жана Кыргызстандын аялдарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында уюштурулду. Бир жума аралыгында түрк жана кыргыз дарыгерлери биргеликте скрининг жана консультация жүргүзүшөт. Бул акыркы акция эмес, мындай иш-чаралар жыл бою жүргүзүлмөкчү» деди Бейшеналиев.

Министрликтин маалыматына караганда, акысыз кароо алдын ала жазылуу менен болот. Төмөнкү номерлерге чалып, жазылуу керек: 0997-65-00-00, 0312- 65-00-00.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер