Акыркы кабарлар
» Саясат » Докедей боло албаган, акыйкаттан алыстаган Жусупбек Коргонбай
Докедей боло албаган, акыйкаттан алыстаган Жусупбек Коргонбай
08-апрель, 19:43
688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ноокаттан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу дайыма элдин көйгөйүн көтөрүп чыгууга белсенип, демилгелүү аракет кылуунун үстүндө. Бир топ тагдырларга жарыгы тийип, ошого катар мамлекеттен чечиле турган маселелерди да көңүлдөн сырт калтырбай, шайлоочуларынын ой-сунуштарын аткарууга батыл киришкендей. Ооба, бул өңүттө түзүк эле миссиясын аткарууда.
Ал эми жалпы саясый кырдаалга баа берүүдө, бийлик менен оппозициянын тиреши, ортодогу элдин назары боюнча Жусупбек Коргонбай чындыкты айта албай, Шайырбек Ташиевге дос болуп, ошол жактан “жылуу шоола” издеп калгандай. Эгерде акыйкаттан кеп салса, абакка кирип кетерин ойлойбу, айтор, бийик трибунадан саясаттагы калыстыкты айтуудан тайсалдап, көңүлдү майда нерселерге бурганын байкап жүрөбүз. Негизи Жусупбек Коргонбай башты канжыгага байлап, Дооронбек Садырбаевдин жолу, үлгүсү менен кеткенде, бүгүн жылдызы жанып турмак. Бирок анүчүн жалпы элдик сезимдин бийиктиги, мырзалык духтун бекемдиги керек да.
Чоң саясатчы болуу үчүн тобокелдиктерге, кыядагы кыйын жүрүштөргө салыш керек. Камчыны кырча тиштеп, чучукка жеткидей чындыкты айтып, элдин таламын талашып турса, мына ошондо кашкөй уулдун даражасына көтөрүлмөк. Бирок, биз күткөн реалдуулук кайда? Үмүт өчпөсө, эми кайра эле Коргонбайдан күтө беребизби? Мунуку окшобой атпайбы, жылас алгырдыкы...
Бөлүшүү:

"Азия Ньюс" гезити