Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айпери Рахманбердиева: “Кымбатчылыкты жеңиш үчүн өзүбүздү да өстүрөлү”

Айпери Рахманбердиева: “Кымбатчылыкты жеңиш үчүн өзүбүздү да өстүрөлү”

22-март, 12:16
832 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурдагы саясый абалыбыз, күчөгөн кымбатчылык, саясатка аттанган партиялар кандай ойлорго түртүүдө? 

-- Азыр дүйнөлүк кризис орун алууда. Бизде башта “тиги айылга мынча сандагы трактор берилди, комбайн алынып келинди” ж.б.у.с. жаңылыктарды укчу элек. Азырчы? “Билеттин баасы кымбат, Москвага мынча каттам жумасына ачылыптыр” деген сөздөр актуалдуу болуп калбадыбы. Бул жагынан алганда, дыйканчылыкка кызыккан жаштар жокко эсе экенин айгинелөөдө. Бизде гектарлаган жерлер бош жатат. Ошол жерлерибизди иштетишибиз керек. Өндүрүштү жолго коюп, завод-фабрикаларды ачуу зарыл. Болбосо кымбатчылык өсө берет. Жакшы турмуш бизге жакындабайт.

Акыркы жылдары “бийликке жаштар келсин” деп жатып калдык. Ошол жаштар тажрыйба жоктугунан улам ар кайсы партияга секирип, биригип, өз ордун таппай келишет. Бир өлкөнүн өнүгүүгө карай жол алуусун шарттоодо саясый кишилер эмес саясый система маанилүү болуш керек. Жакшы система ага жаңы кирген кишини да акырындап жакшы киши кылып алат. Азыр биздин жаштардын ою эптеп эле бийликке баруу болуп жатпайбы. Буга мисал, утуру жаңы партия түзө калып, кечээ эле бирин-бири сындап аткандар бириге калышы таңгалдырып отурат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер