Акыркы кабарлар
» Саясат » Аида Исмаилованын жоопкерчилигин карап, укуктук баа берүү зарыл
Аида Исмаилованын жоопкерчилигин карап, укуктук баа берүү зарыл
29-октябрь, 11:58
480 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Пандемия учурунда миңден ашуун жарандарыбыз бийликтин шалаакылыгынан каза табышты. Ооруканалар жетишсиз, дарылоону билишпей, айтор, көп мүчүлүштүктөр кетти. Андагы вице-премьер-министр Аида Исмаилованын жетекчилигинин астында ушундай апаатка күбө болдук. Бул айымдын кызмат абалындагы кыянаттыгы аз келгенсип, илдет басаңдай электе кызматын таштап, шайлоого кетип калды. Төңкөрүштөн кийин кайра креслосуна келип отуруп алып, эми жүзү ачылып, креслосунан шыпырылып түштү. Вирус болсо жайылууда. Эл кыйнала баштады. Эмне үчүн биз өткөн катачылыктардан сабак албайбыз? Дал ушул Аида Исмаилованын жоопкерчилигин карап, укуктук талаада баа берүү керек. “Уялбагандан өзүң уял” демекчи, мында бет да жокпу?
"Азия Ньюс" гезити