Акылбек Жапаровдун тагдыры ара жолдо калгандай...
Салык кызматындагы 3,2 миллиард сомго байланышкан ири коррупциялык иштен соң Акылбек Жапаров кызматтан кетип, жаманатты болуп калганы жашыруун эмес. Эл арасында талкуулар орун алууда. “Акылбек Жапаров камалабы же ушуну менен эле кутулуп кетеби?” деген күдүк ойлор жүрүүдө. Бийлик төбөлдөрү акыл калчап аткандыр. Камап салса саясый упай алышат, “кустурса” андан бетер элди алаксытуунун амалына айланат. Бирок үч жылдан ашык чогуу иштешип, анын акылын, тажрыйбасын алышып, мамлекеттин ыраатка түшүшүнө пайдаланышып, анан садага чабышса жарашабы? Адамгерчиликке жатпай калабы? Ушул жагы да бар. Сыягы, Акылбек Жапаровдун тагдыры чечиле элек. Камалган салыктын башчысы көрсөтмө берип атса, аягы кандайча чечилет? Саясый негиздеби? Көрө жаталы.
"Азия Ньюс" гезити