Алмамбет Шыкмаматовдун көчөдө калганында кандай сыр бар?
Жаңы жыл астында Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырып, “Ата Мекен” партиясынан да кетиши ар кандай жоромолдорго жем таштады. Өмүрбек Текебаев бул көрүнүштү кадыресе эле сыпаттап, ордун кийинки талапкерге бошотуп берип жаткандай түшүндүрдү. Жаңы депутат болгон Нурбек Сыдыгалиев эмне балекет болгонун биле турганын, бирок айткысы келбегенин кыйытты.
Ал эми биздин баамыбыздан алсак, кеп башка. Соңку убакта Өмүрбек Текебаевдин бийликти кескин түрдө сындаганы күчөп, ошонун кесепетинен көшөгө артында келишпестиктер жаралганы каңкууланды. “Ата Мекендин” лидери түрмөдөн чыгууда кандайдыр бир “соодалашуулар” болушу, унчукпай жүрүү талаптары айтылышы, мына ошого гарант катары Шыкмаматов өтсө, натыйжада, ортодон курмандык катары табылдыбы? Адатта Текебаев өмүр бою оюндагысын айткан, табияты оппозициялык жээкке жакын, популярдуулуктун туу чокусунда жүргөн адам да. Эч качан саясатта күнкор болуп, бирөөнүн көзүн карап жашаган эмес. Эгерде ал мамлекеттеги болуп аткан маанилүү көрүнүштөргө сын көз карашта оюн айтпаса, көпчүлүк элдин көксөгөнүн таба албаса, анда саясаттагы жолу куруп калбайбы?! Андыктан, агымга каршы сүзүү керек...
Ошентип, Шыкмаматовдун “ортого ойной коем” деген тапкычтыгы тебелендиде калып, таасирдүү төбөлдөрдөн Текебаев үчүн катуу сөз угуп, чычкандай бурчка такалып, жыйынтыгында, эрксизден көчөдө калганы ушулбу?..
Aryba.kg