Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шумкарбек Адилбек уулу: “Инвестициялык климатты толугу менен заман талабына ылайыктап жаңылоо зарыл”

Шумкарбек Адилбек уулу: “Инвестициялык климатты толугу менен заман талабына ылайыктап жаңылоо зарыл”

28-октябрь, 11:11
616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин мурдагы директору менен маек.

-- Кыргызстанда инвесторлор менен иштөө деңгээлин кантип жогорулатсак болот?

-- Орто Азия аймагын алганда, инвесторлорду алып келүү боюнча абдан чоң күрөш уланууда. Себеби, өлкөгө жаңы технологиялар келет, кошумча финансы, тикелей инвестициялар агылат. Ошонун себебинен инвестиция үчүн күрөш жүрүүдө. Эки багытта өлкө инвесторлорго кызыкдар. Кирешелүүлүк же рентабелдүүлүк десек болот. Экинчиден, инвестициялык климат, мыйзамдар, нормативдик укуктук-ченемдик актылар. Ушул эки багытта иш жүргүзсө, өлкөнүн инвестициялык укугу жогорулап, бизди сырттан байкап турган инвесторлор келип, өз акчаларын салып, технологияларын алып келиши мүмкүн. Ошондуктан эң биринчи мыйзам талааларын, укуктук-ченем актыларын, инвестициялык климатты толугу менен заман талабына ылайыктап жаңылап, модернизациялап, кайсы тармакка биз жеңилдик бере алабыз, кандай көйгөйлөрдү кескин түрдө кыскартып иш жүргүзө алабыз – ушунун баары чечилиши кажет. 

Мурда биз иштеп жүргөндө көпчүлүк убакта биздин мыйзамдар бири-бирине карама-каршы келип калчу. Бир завод кура турган болсок, жер маселесинен баштап, свет, суу көйгөйүн чечүү зарыл эле.

Өлкөнүн артыкчылыгы бар, кирешелүүлүгү күчтүү, табигый ж.б. пайда алып келе турган жактарды изилдеп, ушул тармакта татыктуу экономикалык негиздемелер менен долбоорлорду даярдап, сырткы инвесторлорго сунуштап иштесе болот.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер