Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арсланбек Малиевдин дааватчыларды тыюу демилгеси – учурдун талабы!

Арсланбек Малиевдин дааватчыларды тыюу демилгеси – учурдун талабы!

10-ноябрь, 11:14
553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Өткөн жумада ЖК депутаты Арсланбек Малиев “Таблиги жамаат” уюмун, дааватчыларды тыюу демилгесин көтөрдү. Коллегалары арасынан динчил эки-үч депутат каяша кылымыш этип, бирок аргументтүү мисалдарын келтире алышкан жок. Тек гана караңгылыкка сүйрөмөй. Учурда жүздөгөн жарандарыбыз үй-бүлөлөрүн ачка ташташып, жер кыдырышып, чала угуп алган “жомокторун” божурап жүрүшөт. Убагында Чубак ажы да мындай чаласабаттыкты, балдарын, аялдарын бакпай таштап кеткен дааватчыларды урушчу, өзүнүн жол-жобосун айтып. А бизде ууру-кескилер, түрмөдөн чыккандар, ичкиликке берилгендер, айтор, жашоодон ордун таппагандар көчөдө сандалып жүрүшөт да, туурабы? Ушул кантип болсун? Андыктан, Арслан Малиевдин айтканын эп көрүп, дааватчыларды тыйыш керек. Мечиттер жайнап турат, мына ошол жердеги билимдүү молдолордон баян уга беришсин. Динди булгагандарды, билимсиздерди токтотууга мезгил келди. Жакынкы мамлекеттерде, Россияда “Таблиги жамаатка”, дааватчыларга мамлекет тарабынан тыюу салынган. Алар коомго зыяндуулугун изилдеп, анализдеп көрүшүп, анан бир чечимге келип атышпайбы. Биз да өнүккөн өлкөлөргө карап түздөнөлү. Илим, технологиялардын ачылышына ыктайлы. Калың катмардын ой-мүдөөсү заманбап билим, тажрыйба алууга дилгир. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер