Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл менен бийликтин ортосунда чоң ажырым кетти

Эл менен бийликтин ортосунда чоң ажырым кетти

08-июль, 12:28
890 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакынкы аралыктан бери көп сандаган адамдарды жоготкон сайын бийликке нааразычылыктар, өкүнүчтөр күч алды. Үч ай аралыгында оор кырдаалда биринчи жардамга таптакыр даярдыктын жоктугу элдин бийликке болгон ишеничин талкалап, үмүттөр өчүп турат. 

“Акыркы эпидемиологиялык абалга кандай көз жүгүртүүдөсүз? Бийликтин кадамдары кандай пикир калтырууда?” деген суроолорубузду айрым эксперттерге узаттык.

Бекташ Шамшиев, журналист:

-- Таажывирусун биздин бийлик, медиктер башында шайма-шай тосушуп, карантин киргизип, туура башташкан. Экономикалык абалыбыздан улам катуу чектөөлөрдү азайтышты. Антпесе өчөйгөн экономикабыз отуруп калмак. Бирок бизде кеп укпаган тежик, тескери баскан ээнбаштар көп экен. Азыркы күчөп аткан жабышкак дарт ушулардын күнөөсү. Шанаңдап шаарда беткапчан жүрбөсө, “бул дарт саясат, империалисттердин акча тапчу амалы” дешпесе, оору мынчалык күчөмөк эмес. Азыр абал чатак, оору күчөп жатат, дарыгерлер, жаткырчу жай жетишпей жатат. Өпкө кагындан – пневмониядан 200гө жакын киши набыт болуптур, таажы вирустан жантаслим болгондор 90го жетип калды, баш-аягы үч жүздөй кишиден ажырадык, жугуштуу оорунун басаңдайын деген түрү жок. А бирок биздин элге, өзгөчө эстүү жигит-кыздарыбызга ырахмат, ошолордун аракети менен бир топ иштер жасалып атат. Өкмөт башчыбыз өзгөчө кырдаал эмне экенин жакшы билген жигит, колунан келген аракетин жасап жатышат. Мен алардын ишин “жакшы” же “жаман” деп айта албайм. “Өйдө тартса өгүз өлөр, ылдый тартса араба сынар” мезгил. Элдин биримдиги аркылуу бул сыноодон өтүп кетебиз деген ойдомун. Медицинага жакшы көңүл бурбаганыбыздын азабынан кыйла адамыбыздан айрылып калабызбы деп корком. Каза болгондор көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат. Кыйла жылдардан бери чогуу иштешкен кесиптешим Бүбүкан Досалиеваны ажалга тарттырып ийип, арман кылып отурабыз... 

Сакайгандар көп болсун. Анан бул илдетти тоотпогондор өзүн ойлобосо ойлобой эле коюшсун, жакындарына жугузушпасын. Ар кимге акыл, ыйман берсин!

Алмаз Тажыбай, саясат талдоочу:

-- Бийлик коронавирус илдети менен күрөштө кечигип жатат, өрттүн очогун өчүрүп чуркап, амалын таппай жүрүшөт. Жугуштуу оорунун алдын алуу жана элдин ден соолугуна кам көрүү иш-чаралары көрүнгөн жок. Ошондуктан көп көйгөйлөр пайда болду, өзгөчө саламаттык сактоо систематсында. Элибизди оорудан сактай алган жок, өлүмдөр көбөйүп кетти. Ошондуктан эл бийликке абдан нааразы болуп турган учур.

Назгүл Эшеналиева, жарандык активист:

-- Өлкөдөгү эпидемиялык абал курчуп жатканы өтө кейиштүү. Бул абалга жооптуу адамдардын шалаакылыгы, иштин көзүн билбестиктери, бөлүнгөн акчалар максаттуу иштетилбегендиктин кесепетинен бүгүнкдөй абалга учурап турабыз. Дүйнөлүк банктардан берилген 650 миллион доллар саман болду. Бюджеттин жыртык-тешигине, “сол чөнтөк”, “оң чөнтөккө” кетпегенде, максаттуу иштетилгенде, оорукана, ИВЛ аппараттары, керектүү медицина шаймандары, дары-дармектер алынып, ооруга чалдыккандарга учурунда жардам көрсөтүлүшү керек эле. Бул абал чабал бийликтин жүзүн биртоло ачты. Эл менен бийликтин ортосунда ажырым пайда болду. Кудайым өзүбүзгө, элге күч-кубат берсин!


Жамиля Нурманбетова 
Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер