Акыркы кабарлар
» Коом » Ковид жүрөк кан тамыр оорулары барларга өтө коркунучтуубу?
Ковид жүрөк кан тамыр оорулары барларга өтө коркунучтуубу?
07-июль, 19:57
1 845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ковид жүрөк кан тамыр ооруларынын жүрүшүн татаалдаштырып, өлүмгө алып келиши мүмкүн.
2020-жылы коронавирустук инфекциясынын түздөн-түз тийгизген таасиринен улам жүрөк кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны 19%га көбөйгөн. Дарыгерлердин айтымында, эгер бейтапта жүрөгүнүн коронардык оорусу, же болбосо мээ артериосклерозу, бөйрөктөрү, жүрөгү жабыркаса, анда коронавирус оорусу оор түрдө өтөт.
Мындан сырткары, вирус эски ооруларды козгоп, өлүмгө дуушар болуу коркунучун жогорулатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, коронавирустун оор түрү менен жабыркагандардын 95 пайызы 65 жаштан жогорку жарандар болгон. Ошондуктан өнөкөт оорулары бар кары адамдар сак болушу керектигин адистер белгилешүүдө.