Ат-Башы районунун мугалимдери дүңү менен иштен айдалуу коркунучунда
Учурдун көйгөйү – парламенттик шайлоо өнөктүгү экенин баарыбыз билебиз. Кызыгы, Ат-Башы районунуна караштуу жалпы орто билим берүү мектептеринде эмгектенип аткан 90 мугалим шайлоодон кийин өз жумушунан айдалуу коркунучу бар экени бизге маалым болду. Анын бирден-бир себеби, бир кезде билим берүү министри кызматынан мындан бир жыл мурун айдалган Гүлмира Кудайбердиеванын “ар бир мугалим жумасына 18 сааттан кем эмес сабак берүүсү керек. Андан кем болуп калса, мугалим жумуштан кыскаруусу абзел” деп чыгарган чечимине ылайык имиш. Мына ушуну бетке кармап атышыптыр, жоруктары жолдо калсын! Эми 90 мугалим шайлоо бүтөрү менен нан таап жаткан жеринен айрылып, бозоруп, буга чейинки билим берүү тармагындагы көп жылдан бери ак эмгектери менен мугалимдик кадыр-баркы тепселенип, талаада калат өңдүү. Буга министр Каныбек Исаков эмне дейт?
Урматтуу министр, өзүңүз билгендей, тоолуу аймакта жайгашкан Ат-Башы районуна бир айга жетпей кыш келет. Ар бир мугалимдин үй-бүлөсү, бала-бакырасы бар. Сааты жетпей калып, сиз кыскарта турган агай-эжейлердин турмуш-жашоосу кантет? Эгер ошончо эле муктаждык болуп, кыскарта турган болсоңуздар, эмнеге окуу жылы баштала электе, жайкы каникул учурунда бул иш-чаранын алдын алган эмессиңер? Окуу жылы башталып, алыскы райондо эмгектенип жаткан мугалимдер учурда онлайн сабактарына суудай керек болгон ноутбук, компьютер, ж.б. жабдыктарды очойгон кредитке алып, кээ бири карыздап таап, баардыгына даярданып коюшкандардын тагдыры эмне болот? Сааттары бир аз жетпеген мугалимдер тоолуу райондун атайын коэффициент кошумча акчаларына ыраазы болуп, эмгек жамааты менен ынтымакташып, сааттарды ырашкерликте бөлүшүп ишке киришип аткан учурда, ушундай жаман жышаан райондун ар бир мектебинде үрөй учуруп аткан кези. Бул жагдайды министр өзү билек түрө киришип, жөнгө салып, 90 мугалимдин ар биринин көйгөйүн угуп, тийешелүү чара көрбөсө, ары жагы эмне менен бүтөрү белгисиз. Чара көрүңүз, министр мырза!
"Азия Ньюс" гезити