Чынара Эсенгул: “Бүгүнкү бийлик коопсуздук түйүнүн чечүүнү билбейт, потенциалы да жетишпейт”
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт менен маек.
-- Азыркы учурда Россиянын мигранттарга болгон мамилеси улам оорлошуп бараткандай. Рублдин дагы куну түшүп жатат. Россиядагы жүз миңдеген мигранттарды кандай тагдыр күтөт?
-- Учурда мигранттарга Россиядагы мамилелер терс. Борбор Азия, Кавказдан эле эмес, жалпы Азиядан, Африкадан дагы келишет. Негизинен аябай терс мамиле кылышат. Анткени империялык мүнөздөрү, маданияты бар экенинин белгиси. Жалпысынан аларды маданият, билим, цивилизациялык жактан өйдөдөн караган эл катары билсек болот. Мындай мамиле шовинизмдин белгиси. Албетте, экономиканы көтөрүү үчүн аларга мигранттар керек экенин түшүнүп жатышат. Бирок социалдык фактордон караганда, мамилелери кейитет. Учурда Украина менен согуш болуп жаткандыктан, жалпы Батыш менен Россиянын салгылашуусу – бул орус коомчулугунун стресстеги деңгээлин жогрулатып, ал жакта иштеп жаткан мигранттарга болгон шарттардын абалы мындан дагы төмөндөйт деген ойдомун.
Экономикалык жактан Россияга каршы санкциялар киргизилген. Бирок Россия согуш алып барып жаткан соң, ал дагы, Украина да демографикалык бир кризиске учурашат. Башкача айтканда, күч-кубаты бар, иш кыла турган адамдар согушка катышып, азайып аткандыктан, биздин мигранттар мындан да көбүрөөк керек болушу мүмкүн. Ошол эле учурда социалдык факторду эске алсак, мигранттарды көп жакшы кабыл албагандыгын, шовинисттик мамиленин орун алганын эске алганда, изолоциядагы орус коомчулугунун мамилелери мындан да оорлошу мүмкүн. Ал эми экономикалык жактан демографиялык факторлорду эске алганда, мигранттар Россия экономикасына дагы деле керек. Мигранттардын саны азайбайт деген ойдомун.
-- Эл аралык иштерди алып баруудагы кандай катачылыктарды эске алып айтсак болот?
-- Биздин бийлик башка эле Борбор Азия мамлекеттери сыяктуу Батыш менен Россиянын ортосунда балансты сактап, ортодон жол таап кетүүгө аракет кылып жатат. Бирок инвестиция, экономиканын өнүгүүсү жагынан карасак, Араб мамлекеттери же Кытайдан башка инвестиция кыла турган потенциалдуу мамлекеттер жок. Коопсуздук, курал-жарактарды күчтөндүрүү жагынан Россиядан бир топ көз карандыбыз. Ошондуктан бүгүнкү бийлик бул түйүндү кантип чечүүнү билбейт. Билип, чечкенге потенциалы жетишпейт. Ушундай структуралык маселелер бар. Албетте, бул 4-5 жыл аралыгында чечиле турган маселе эмес, бирок келечекти алдын ала карап, бул маселени чечүү зарыл. Геосаясый согуштук абалда, дүйнөлүк система өзгөрүп жатканда, коопсуздук маселелери абдан маанилүү. Ал эми коопсуздукту сактоо үчүн экономикалык абал дагы өтө маанилүү. Андыктан, туура кадрлар келип, алгылыктуу стратегиялык багыттар менен иш алып барбасак, ушундай чаржайыт маселени кантип чечүүнү билбей эле ары жак, бери жакты карап жүрө беребиз деген ойдомун.