Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Батыралиев: “Пандемия эрежесин бузган партиялар шайлоодон четтесин!”

Талантбек Батыралиев: “Пандемия эрежесин бузган партиялар шайлоодон четтесин!”

17-сентябрь, 13:23
662 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Саламаттык сактоо боюнча кадрларды тездетип даярдоо өтүнүчү айтылып жүрөт. Сиз буга кошуласызбы?

-- Бул мүмкүн эмес. Кадрларды даярдоо дүйнөлүк стандартта болмоюн, эч качан сапаттуу кызмат болушу мүмкүн эмес. Эң аз дегенде, кеминде беш жылдык убакытта медициналык адис даярдалат. Ковидге каршы чукул адис керек болсо,  тажрыйбасы беш-он жылдык дарыгерлерди алып, ошолорду бир-эки жыл аралыгында даярдаса болот. Ал эми бир же эки айда даярдоо мүмкүн эмес. Туура дагы эмес. 

-- Биздин өлкөгө пандемия коркунучу дагы барбы?

-- Пандемия басаңдап бүтүп жаткандай элдин баары шайлоого кирип кетти. 

Израиль жабылды. Канада жабылганы турат. Кытайдагы Юнань деген абдан чоң провинцияга аскердик абал киргизип, жабышты. Түркияда акыбал начар. Молдовада да начар. Латвия жабылды. Европада күчөп жатат. Өзбекстанда да акыбал начар. Жазында карантинде жатып, анын азабын тарттык. Шайлоонун шаңына кирип кетип, эртең азабын тартпайбызбы – учурда ушуну ойлонушубуз керек. 

1-октябрда окуучулар мектепке барып окууру айтылууда. Буга даярдык барбы? Шарт барбы? Эң жөнөкөй эле беткап үчүн каражат каралганбы? Ушунун баары көзөмөлдөнүшү шарт. 

Үгүттөө иштери менен пандемия эрежелерин бузган партияларды шайлоодон четтетүү сунушун айтат элем. Эртең кыйналсак, буга ким күнөөлүү болот? Карапайым элге эле оорчулук жаралат. Той-тополоңдун көбөйүп кеткени аябай кооптондуруп жатат... 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер