Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бийликти сындагандар арбып, элдин маанайы өзгөрө баштадыбы?..

Бийликти сындагандар арбып, элдин маанайы өзгөрө баштадыбы?..

02-февраль, 17:49
1 352 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соцтармактарда бийликке карата сын-пикир жазышкан, акаарат келтиришкен жарандардын көбөйүп баратышы эмнени билдирет? Жалпы элдин маанайы өзгөрө баштадыбы?

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты:

-- Кайсы мамлекетте болбосун бийликти сындайт. Карасаңар, күн сайын мыйзамсыз алынган объектилерди бийлик кайрып жатат да, абактарда тинтүү иштери жүрүп, жүздөгөн телефондор алынганы тууралуу басылмаларга чыгууда. Муну менен катар эле сындаган адамдар да чыгат тура. Анан кечээ эле кадимки баскычтуу телефонго ыраазы болуп, “Фит” айдап, жыргап жүрдүк эле, бирок бүгүн бизге iPhone-16 телефондору, “Мерседес”, “Тойота” ж.б. чоңураак, кымбатыраак машина керек болуп калды. Жашоо уланууда, муктаждыктар өсүп жатат, бийликтегилер дайыма эле элдин өсүп жаткан талабын аткарганга жетише бербейт. Бирок, эң негизгиси, мен ойлойм, жергиликтүү башкарууларда чоң көйгөйлөр бар, тагыраагы, аймактарга дайындалган кадрлар өтө алсыз. Алар элдин суроо-талабын аткара алышпайт, кээ бирлери маселени чечкенди каалашпайт. Аткаруу бийлиги жергиликтүү органдарга көбүрөөк көңүл буруп, аларды үйрөтүп, тажрыйбалуу жетекчилердин үлгүсү менен кантип иштөө керектигин көрсөтүүсү зарыл. Баарыбыз эл үчүн чын жүрөктөн иштешибиз керек, ошондо сындагандар тарапташка айланышат.

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:

-- Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө баалар өсүп, кымбатчылык күч алууда. Жер шарынын кайсы бурчуна барба, нааразы болгондор чыга берет. Кымбатчылыкка кыргыздар эле эмес, башка мамлекеттерде деле нааразы адамдар көп. 

Кымбатчылыкты тизгиндеш үчүн президент, өкмөт аракеттерин жасашып, элдин турмушун жакшыртууга далалат кылышууда. Ачыгын айтыш керек, мурун мындай реформалар болгон эмес. Жолдор салынып, жарактан чыккан имараттар оңдолуп-түзөлүп, кадимкидей өлкөдө алдыга карай жылыш байкалууда. Менимче, бийликке нааразыларга караганда ыраазы болгондор көп деп ойлойм. Маселен, 10 пайыз адам саясаттагы айрым нерселерге каршылык көрсөтүшсө, 10 пайыз адам чындап эле нааразы болушат. Дагы 10 пайызы кымбатчылыкка кейишсе, андан аркы 10 пайызы нейтралдуу. Чынында 50 пайыз элибиз бийликти кубатташат. 10 пайыз нейтралдуу позициядагыларды кошкондо 60 пайыз эл бийликке ыраазы. Жогорудагы айтылган 30 пайыз адамдардын эле ичтери чыкпаса. Негизи мындай нерселер боло берет. Себеби, айрыкча кыргыздарда жазында, күзүндө көз караштар өзгөрүп, кайчы пикирлер көбөйт. Мунун баарын реалдуу кабыл алышыбыз керек.

Төрөбай Колубаев, коомдук ишмер:

-- “Бийликке акаарат айткандар көбөйүп, элдин маанайы өзгөрүлдү” дегенден алысмын. Бирок, ички-тышкы күчтөрдүн таасири да бар. Ошондой эле калыстык орун албаган учурлар да болууда. Себеби, жооптуу кызматтагылардын элди иренжиткен сунуштары да айтылууда. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы “көчөнү тарыткыла, кыскарткыла” дегени ж.б. Кадр маселесинде дагы мүчүлүштүктөр орун алууда. Кыскасы, мына ушул жагдайлардын баары элдин нааразычылыгын күчөтүүдө. Даражалуу кызматтагылардын дагы жаңылып-жазганы элди бир топ санааркатты. Кимиси болбосун ойлонуп туруп сүйлөшү керек. Болбосо бүгүн бирди, эртеси такыр башканы сүйлөгөнү орунсуз да. Ар кимдин катачылыгын оңдоо үчүн президент жымсалдап отурбашы керек. Дээрлик тармактарда маалыматты тактап, сүйлөй турган сөздөрүн камдай турган адистер бар.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер