Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирустун курмандыгы болгондор бир миллиондон ашты

Коронавирустун курмандыгы болгондор бир миллиондон ашты

28-сентябрь, 17:21
457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнө боюнча коронавирустун курмандыгы болгондор бир миллиондон ашты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маалымдады.

Уюм айрым аймактардын статистикаларын аныктоо оор болгондуктан, так маалыматты айтып туруу кыйынга турарын кошумчалаган.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча Covid-19 диагнозу менен көз жумгандар 996 миң 695 адам. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 33 миллионго жакын.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вируска каршы вакциналар эрте дегенде бир нече айда гана жеткиликтүү болорун, мындан улам, коронавирустук инфекциядан каза болгондордун саны 2 миллионго да жетиши мүмкүндүгүн айтты.

Учурда дүйнө боюнча бир нече лаборатория вируска каршы вакцина жасоо аракетинде. Алардын айрымдары калктын аз катмарына текшерип көрүү үчүн уруксат алышкан. Бирок 10 миңден ашык бейтапка байкоо жүргүзүүчү массалык тестирлөө фазасынан эч кайсы препарат өтө элек.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер