Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Акаев эмнеге Токтайым менен кучакташып учурашпады?

Аскар Акаев эмнеге Токтайым менен кучакташып учурашпады?

07-август, 21:37
2 714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Токтайым Үмөталиева – Кыргызстандагы коомдук-саясый ишмерлердин арасынан Акаев Москвага качып кеткен биринчи күндөн тартып, анын таламын ачык талашкан жана узак жылдар бою ал позициясынан кайтпаган жалгыз айым. Кеткен президенттен жүз бурууга, ага каршы чыгууга аракет да жасаган жок. Муну бүт кыргыз эли билет. 

Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыкканда Токтайым аялдык мээримдүүлүгү менен ага кучагын ача жүгүрдү. Бирок экс-президент андан өзүн оолактатып, журналисттер тарапка басты. Бул видеону троллдор интернетке таратып, моокумдары канганча табалап алышты. Менин көз карашымда, бул экс-президенттин өтө калпыстыгы кыргызстандыктардын ага болгон негативин дагы көбөйттү. 

Айтылып жүргөндөй, коомчулукта Аскар Акаев Кумтөр коррупциялык схемасына катышкан деген пикирлер бар. Эми ушундай пикирди экс-президент сотто, бир убактарда Феликс Кулов жасагандай үч инстанцияда тең жокко чыгарышы керек. Садыр Жапаров менен жолугушканы элдин шегин жок кылбайт, тескерисинче, көлөкө учурдагы президентке да түшөт...


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер