Орунтаев өкмөт башчысы Касымалиевди тоготпогону байкалып калды


Ипотекадан батир алган жарандарыбызга карата министр Нурдан Орунтаев кемсинтип сүйлөп, аларды шылдыңдаганга тете сөз айткан эле. “Алган үйдүн акчасын төлөп бүтүп, анан унаа алгыла...” деген мааниде чектөө койгону кызык бекен? Коомчулукта нааразычылыктар жаралган эле. Ага удаа өкмөт башчы Адылбек Касымалиев реакция жасап, Орунтаевдин сабатсыз айткан сөзүн белгилеп, ачууланганын укканбыз. Алым-сабак айтышкандай образ түзүлүп калган. Андан бери аз убакыт өттү. Нурдан Орунтаев сөзүн оңдоп, өкмөт башчынын астында ийменип койсо болмок да. Тилекке каршы, ал тоготпогондой түр жаратып, кол шилтеп койгондой эле ишарат кылды го? Албетте, бул жерден Касымалиевдин кадырына доо кетүүдө. Аныгында курулуш министринин “мурдун балта кеспей” дердейип жүргөнү-жүргөн...











