Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркин Мамбеталиевге караганда Икрам Илмиянов он эсе бай

Эркин Мамбеталиевге караганда Икрам Илмиянов он эсе бай

01-сентябрь, 08:00
554 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда Эркин Мамбеталиев камалып, таяк жеп, акыры 4 миллион долларга бааланган мүлкү мамлекетке алынары кабарланган. Убагында бир топ үрөй учурган кылмыштарга айыпталганына кайрылбай эле коёлу. Кеп башкада. Ооба, илгери Икрам Илмиянов да өтө оор ишти жашырууга шектелип, Эркин Мамбеталиевден соң камалып кеткен. Акаев заманында. Түрмөдө көпкө отурган эмес. 2010-жылдан кийин Илмияновдун жылдызы жанып, президенттин аппарат башчысынын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, өлкөдөгү маанилүү иштерди чечип калган. Эбегейсиз байыган эле. Сокенин кезинде “Алдамчылык” беренеси боюнча камалып, кайра чыгып кеткен. Эркинге салыштырганда Икрам бери дегенде он эсе “кыртыштуу” болсо керек. “Мыйзамсыз баюу” беренесине бап келет. Учурда “кустуруу” процесси жүрүп жатканда, бул эргул эмнеге көлөкөдө калды? Же шакирти Каныбек Туманбаев калкалап калганбы?..  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер